Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Кал (мең)

Кал (мең) — теринин өөрчүү кемтиги. Ал тубаса же кийин пайда болушу мүмкүн; кан тамырлуу, пигменттүү (өтө кара түстө) жана сөөл сымал болушу ыктымал. Пигменттүү К. пигменти бар тери клеткаларынан жана тери нервдерин каптап турган кабыкчанын клеткаларынан пайда болот, түрдүү түзүлүштө жана чоңдукта, бети жылмакай же сөөл сымал, түсү күрөң, кээде үстүнө кыл өсөт. Кан тамырлуу К. тери кан тамырларынын күчөп, иретсиз өсүшүнөн пайда болуп, ачык кызыл, кара көк, кызгылт көк түстө, түрдүү өлчөмдө болот. Түйүндөргө окшоп, теринин деңгээлинен көтөрүлүп турат, бети текши эмес, кээде жайылып өсүп, дененин көп жерине таркап кетет. Сөөл сымал К. териден көтөрүлүп турат, өңү — кара күрөң. Аны ар кандай өйкөлүү, дүүлүгүүлөрдөн, күндүн нурунан сактоо керек, эгерде сезгенип көлөмү чоңоё баштаса, түсү өзгөрсө тезинен врачка кайрылуу зарыл. К-ды дарылоону же жоготууну врач-онколог чечет.

Комментариев: 1 RSS

1 Афруза 10-01-2018 19:17

Саламатсызбы?

Мендеда кал бар озумо жакпайт онколог ошто барбы

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)