Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кактустар

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Кактустар

"Кактустар", кактустардын мекени - Мексика. Байыркы индейлер кактустарды ыйык деп эсептешкен. Кактустар кургакчыл климатка абдан ылайыкташкан. Алардын жалбырактары тикендүү, түктүү, кадимки жалбырактарга караганда сууну аз буулантат. Алар кактустун сөңгөктөрүн жыш каптап турат. Ошондуктан сөңгөктөрү өтө ысыкта да нымды чыгарбай ширесин сактап калат. Алардын айрымдарында 3 миң литрге чейин суу болот. Кактустар чөлдө ным сактоочу бирден-бир өсүмдүк болгондуктан, саякатчылардын өмүрүн сактап калган учурлары көп болот. Тикенектери ири жаныбарлардан коргонууда да кереги тиет.

"Кактустар" өтө ар түрдүү - дарак, бадал, чөп сыяктуу болот. Өлчөмдөрү ар кандай: өтө кичинекейи 1 см, чоңдору 25 мге жетет. Майдаларынын салмагы бир нече грамм, ал эми чоңдору бир нече тонна. Кактустун гүлдөрү ар түрдүү. Түнкү каныша кактусунун гүлүнүн желекчесинин узундугу 14 смге жетет. Мексикалыктар кожогат кактусунун жемишинен мармелад жасашат. Айрым кактустардын сабактарын бышырып, же кууруп жешет.

Мөмөлөрүнүн ширесин ичишет. Малга тоют катары пайдалана турган кактустар да бар. Алар малга берердин алдында тикенектеринен тазаланат. Чоң кактустардын жыгачынан үй салышат, эмерек жана ар түрдүү кооз буюмдарды жасашат. "Кактустар" - биздин өлкөнүн мейманы. Алар ботаника багында жана өсүмдүк өстүрүүгө ышкыбоз адамдардын коллекцияларында өсөт. Европага кактустар Колумбдун Америкага жасаган биринчи саякатында жаңы дүйнөнүн керемети катары алып келинген. Ал эми Россияга алгач Пётр I алып келген. Кактус жонундо маалымат ушундай достор. Кыргызча дайындаган Абдиева А. Кошумча маалымат "Кактустар" аттуу экинчи макалабызда

Жайгаштыруу: 2018-04-02, Көрүүлөр: 1137, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-04-02
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу