Кайырчынын өтө коркунучтуусу

Темирлан Апендиге буйрук берет: - Кайырчылардан жол жок, шаар толуп кетти. Кайыр бербесең, кармап алып, коё бербегендерин кантесиң! Кагаз-калем ал да баарын тизмелеп чык, ыймансыздардын бирин калтырбай шаардан кууп чыгам. Апенди кагаз-калем алып, чу дегенде эле Темирландын өзүн жазат. Темирлан өз атын окуп алып, жинденип турат. - Оң колуңдун ачуусун сол колуң менен тыя отургун, улуу өкүмдар! Уят-сыятты билбеген өтө ыймансыз кайырчылардын тизмесин сурадың.

Мен сенин буйругуңду гана аткардым. - Эмне-е?! - деп, бакырат Темирлан. - Мен, эмир Темир, кайырчымынбы сага?! Уят-сыятты билбеген өтө ыймансыз кайырчымынбы?! - Сабыр кыл, улугум. Караны ак деш кыйын! Сен кайырчысың! Болгондо да уят-сыятты билбеген өтө ыймансыз кайырчысың! - дейт Апенди токтоо сүйлөп.

- Демек, сенин оюңа койсо, мени шаардан кубалап чыгыш керек экен да? - дейт Темирлан эмне дээрге сөз таппай. - Ооба, өкүмдарым! Башка кайырчылар сендей коркунучтуу эмес. Алар тиленип жүрүп, бирөөлөр берсе алат, бербесе - жок. А сен күчкө салып, коркутуп-үркүтүп, сабап туруп аласың элден! - деп, паашаны көпчүлүктүн көзүнчө сүйлөтпөй салган дешет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)