Кайыпов Сулайман

Кайыпов Сулайман - жазуучу, адабиятчы, коомдук ишмер. Сузак районунун Ак-Тоок айылында 1952-жылы 15-июлда туулган. 1970-жылы Кыз-Көл орто мектебин аяктап, 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Филология факультетинин Кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн бүтүрүп, "Филолог. Кыргыз тили жана адабияты окутуучусу" адистигине ээ болгон.

Эмгек жолун Кыргыз ССРнин Мамлекеттик китеп палатасында библиограф, кийин Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер болуп иштөө менен баштаган. 1975–1978-жж. кыргыз адабияты жана фольклору боюнча макалаларды жарыялап, ал түзгөн "Эл ырчылары" аттуу китеби 1980-жылы "Кыргызмамбастан" басылып чыккан.

1978–1980-жж. СССР Илимдер академиясынын М. Горький атындагы Дүйнөлүк адабият институтунун Оозеки чыгармачылыкты изилдөө бөлүмүндө такшалмадан өтүп, 1981–1984-жж. ошол эле институттун аспирантурасында окуган. 1985-жылы "Эр Төштүк" жомогунун көркөм сүрөттөө каражаттары (кыргыз жана башка түрк тилдүү элдердин божомолдорунун мисалында)" аттуу кандидаттык диссертациясын коргогон.

1985–1991-жж. Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер, улук илимий кызматкер жана сектор башчысы болуп, эки китептин, ондогон илимий макалалардын автору, бир катар илимий эмгектердин жооптуу жана адис редактору болгон. Фольклордук экспедицияларга жетекчилик кылуу менен В. В. Маяковский атындагы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер педагогикалык институтунун Филология факультетинин Кыргыз тили жана адабияты кафедрасында "Кыргыз фольклору", "Кыргыз акындар чыгармачылыгы" жана "Адабият теориясына киришүү" сабактарынан лекцияларды окуган.

1987–1988-жж. Москвадагы СССР Жазуучулар союзуна караштуу М. Гoрький атындагы Адабият институтунун чакыруусу менен "Элдик оозеки чыгармачылык" боюнча дарс окуган.

1992–1995-жж. Бишкек гуманитардык университетинде Түркология факультетинин деканы, биринчи проректор кызматтарында иштеп, "Кыргыз эл ooзeки чыгармачылыгы", "Кыргыз акындар поэзиясы", "Манастаануу", "Жалпы филологияга киришүү" сабактары боюнча лекцияларды окуп, текстология, булак таануу, библиография сыяктуу илимий тармактар боюнча адистештирилген курстарды өткөргөн.

1996-жылы Бишкектеги Чүй мамлекеттик университетинде профессор, филология кафедрасын жетектеген.

1997-2007-жж. Чүй мамлекеттик университетинин чет элдик байланыштар боюнча проректору кызматын аркалоо менен бирге, Түркия Республикасынын Вaн шаарындагы Жүзүнчү Жыл университетинин Гуманитардык жана табигый илимдер факультетинин Түрк тили жана адабияты бөлүмүндө профессор болуп иштеп, "Түрк элдик оозеки чыгармачылыгы", "Жаңы түрк жазуу тилдери", "Түрк баатырдык жомоктору", "Жомок поэтикасы", "Текстология негиздери", "Түрк тилдеринин салыштырма грамматикасы", "Кыргыз тили", "Казак тили" жана "Өзбек тили" сабактарын окуткан.

Ван шаарында иштеген жылдары "Башталгычтан бүгүнкүгө чейинки Түркия түрк адабияты антологиясын" (Анкара, 2004, 704 б.) кыргыз тилине которгон жана китептин редактору болгон.

2005-жылы Aнкaрaдa басылып чыккан "Кыргыз адабиятынын антологиясынын" эки томдугун түзгөн.

Илимий макалалары менен улуттук жана эл аралык симпозиумдарда, конференцияларда түрк дүйнөсүнүн оозеки чыгармачылыгы жөнүндө көптөгөн баяндамаларды жасаган.

Кыргыз, орус, түрк тилдеринде жазылган 100дөн ашуун илимий жана илимий-популярдуу макалалардын автору.

Ван облусунун Эрчиш районуна караштуу Улуу-Памир айылында жашаган кыргыздардын тили, фольклору жана этнографиясына тиешелүү булактарды жыйнаган.

2007-жылдын 1-февралынан тартып Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору болуп иштеп келет.

2007-жылы XXI кылымдын интеллектуалдык өнүгүшүнө кошкон жекече салымы үчүн Сократ атындагы эл аралык сыйлыктын (SOCRATES INTERNATIONAL AWARD) лауреаты болгон.

2007-жылдан Европа Ректорлор Клубунун (THE CLUB OF THE REKTORS OF EUROPE) чыныгы мүчөсү.

2008-жылы Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон.

«2007-жылдын калемгери», «2007-жылдын мыкты ректору», «2007-жылдын каарманы», «Кылым башатынын азаматы» (2008), «Жергебиздин ишмер, чыгаан-калемгер атуулу» (2009) наамдарынын ээси.

1994-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жылга бергис жарым күн: Илимий-пoпулярдык китеп – Б.: Учкун, 2006. - 220 б.

Тоголок Молдо: Изилдөөлөр. Эскерүүлөр. – Б.: Адабият, 1991.

Байыркы доордон азыркыга чейинки Түркия түрк адабияты: Тарых – ысымдар – тексттер. – Анкара, 2003. – 704 б.

Başlangıçtan Günümüze Kadar Türkiye Türk Edebiyatı: Tarih – İsimler – Metinler. – Ankara, 2003. - 704 s.

Türkiye Dışındaki Türk Edebiyatları Antolojisi, Clt 31:

Kırgız Edebiyatı – 1 (591 s.), Cilt 32,

Kırgız Edebiyatı – 2 (584 s.), – Ankara: T. C. Kültür ve Turizm Bakanlığı, 2005.

Folklor Üzerine Yazılar: Makaleler, Bildiriler. – Ankara, 2006.

Проблемы поэтики эпоса «Эр Тёштюк»: Часть 1. Гипербола. Сравнение. – Ф: Илим, 1990.

Художественно-изобразительные средства эпоса «Эр Тёштюк» (на материале кыргызских и других тюркоязычных версий). – М.: Институт мировых литератур им. А. М. Горького, 1985. – 21 с.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)