Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кайыңды суусу Ак-Суу району

Кайыңды суусу, Ак-Суу району – Борбордук Теңир-Тоодогу суу, Сары-Жаздын сол куймасы. Ак-Суу районунун аймагында. Кан-Теңир тоо тоомунун түштүк-батыш тарабындагы Кайыңды мөңгүсүнөн башгалып, Кайыңды өрөөнү аркылуу батышка агат. Узундугу 50 км, алабынын аянты 599 чарчы/чакырым, анын 158 км2ин мөңгү жана түбөлүк эрибеген кар ээлеп жатат. Алабынын орточо бийиктиги 3800 м. Мөңгү, кар жана булак сууларынан куралат. Июль-август айларында агымдын жылдык көлөмүнүн 60-70%и агып өтөт, ноябрь-апрелде тартылат. Жылдык орточо чыгымы 10 м3/сек, эң көбү 100 м3/сек, эң азы 1,5 м3/сек. Негизги куймасы Ат-Жайлоо суусу.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)