Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Кайра иштетүү

Кайра иштетүү – менчик укугуна ээ болуу негиздеринин бири. КР жарандык мыйзамдарына ылайык, эгер келишимде башкача каралбаса, жактардын өзүнө тийиштүү эмес материалдарды К. и. жолу менен даярдалган жаңы кыймылдуу мүлккө карата менчик укугу материал ээсине тийиштүү болот. Бирок, эгерде К. и. баасы материалдарга караганда кыйла жогору болсо, жаңы буюмга карата менчик укугу ак ниеттүү аракеттенүү менен, өзү үчүн кара иштетип алган жакка тийиштүү болот. Даярдалган буюмга карата менчик укугуна ээ болгон материал ээси К. и. жүргүзгөн жакка жумшалган чыгымдын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү, ал эми жаңы буюмга карата менчик укугуна ошол жактын өзү ээ болгон учурда, ал материал ээсине материал баасын толтуруп берүүгө милдеттүү (эгер келишимде башкача каралбаса). К. и-нү жүргүзгөн жактын шалаакылыгынын натыйжасында материалынан айрылып калган ээсинин жаңы буюмду анын менчигине өткөрүп берип, тарткан зыянын толтуруп берүүсүн талап кылууга акысы бар.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)