Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Кайкин Василий Матвеевич

Баш барак | Биографиялар | Кайкин Василий Матвеевич

Кайкин Василий Матвеевич(1910, азыркы Түп району, Түп айылы -1945, Германия, Альткессель темир жол ст.) - гвардиянын улук сержанты, советтик Союз. Баатыры (27.2.1945). 1942-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылган. 1942жылдан согушка катышкан. 54гвардиялык атчандар полкунун пулемёт расчётунун (1-Белорус фронту, 7гвардияльпс кавалерия корпусу, 14гвардиялык кавалериялык дивизия) командири.

К. 1945-жылы 29-январда өзүнүн расчёту менен Одер д-нан өтүүдө (ПЭР, Зелена-Гура шаарынан түн - чыгышта, Пишток) Приттаг кыштагынын тушунда душмандын чабуулунун бир нече жолу мизин кайтарып, эскадрондун өтүүсүнө шарт түзгөн. Кийинки күнү Альткессель (Стары-Киселин) темир жол стнын жанында жолдопггорунун өтүп кетүүсүн камсыз кылып, танкага каршы гранатаны жарып, душманды кырган жана өзү курман болгон. К. Ленин, Кызыл Жылдыз, 3-даражадагы Даңк ордени жана медалдар менен сыйланган. Анын аты менен туулган айылындагы көчө, парк, мектеп аталган. 1965-жылы Түп кыпггагынын борбору бөлүгүндө Кайкин В. М. атындагы маданият жана эс алуу паркы түзүлгөн.

Түп кыштагында 1965-жылы бетондон бюсту орнотулган (автору белгисиз).

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 703, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо