Кайберен

Кайберендер ээси үңкүрдү үй кылып олтурган Ак байбиче кебетесинде баяндалат. Кайберендин ээси жөнүндө мындайча элестеме баян айтылат: Илгери бир мергенчи бир улактуу кийикти аткан экен, ал жарадар болуп качат.

Мерген кайра атайын десе, огу түгөнүп калып, жарадар кийиктин артынан кууп жөнөйт. Жарадар кийик качып жүрүп отуруп бир үңкүргө кирип кетет. Мерген артынан кирейин деп үңкүрдүн оозуна барганда, үнкүрдөн: "Алда, балаңды аткыр ай!" - деп адамча сүйлөгөн үн чыгат. Мерген кирип барса, бир карган ак чач байбиче экен. Мергенге туякка айран куюп берип: "Балам, мындан ары балалуу кайберенди атпай жүр!" - деп узатып жибериптир.

Көрсө кемпир кайберендин ээси экен. Мерген бая кыл туяктагы айранды канча ичсе да, түгөтө албаптыр, курсагы абдан тоюптур". Бул баян кайберендин ээси - калкалоочусу жөнүндө наристе элестетилген. Тотемдик көркөм адабият болуп эсептелет. Кыргыздардын мифтик түшүнүгүндө кайберендердин (кийик, аркар, кулжа, бөкөн ж. б.) ээси, сактоочусу, көбөйтүүчүсү болот деп каралган. Эгер кайберендерди опсуз кыруучу болсо, аны тукум курут кылууну көздөгөндөр болсо, кайберендин ээси жазалайт экен. Мергендер аңчылык кылганда "кайберен" ээсинин мыйзамына моюн сунган, алып айтсак, кайберендерди опсуз кырбоо, ажатына ылайык бир жолу бир-экини гана атуу, кайберен төлдөгөн мезгилде энесин же баласын атпоо, бооз кайберенди атпоо, кайберен чуркаганда (киргенде) ата малын атпоо, кайберенди тирүүлөй кыйнабоо сыяктуу тартиптерди мыйзам тутунган. Бул мыйзамдарда "кайберендин ээси болот" деген түшүнүк боюнча элестетилген образга чын бүтүүчүлүктөн болгону белгилүү.

Мергендер, эгер жогорку мыйзам тартиптерине каршы иштесе, кайберендин ээси өзүнүн урпактарын сактоого, коргоого милдеттүү экен да, мергенди жазалайт экен. "Кайберен" ээси мергенди жазалоодон, каргоодон мурда, ага эскертме белги берет имиш. Ал белгисинин бирөө "оңко туруу" экен. "Оңко тургузуу" эскертмеси бир мерген өмүрүндө аткан кайберени миң башка жеткенде, ошол миңинчи кайберенди атканда "адамча өйдө тура калат экен", ошондо мерген кайберендин ээсинин эскертүүсүнө тил алып, экинчи аңга чыкпоосу керек экен. Экинчи эскертүү белгиси, кайберендин бирөөнү адамча сүйлөтүү же кайберенге мергенди ээрчитип келип, өзү көзүнө көрүнүп эскертүү насаат айтат экен. Ага да болбой, тил албай, кайберендерди кыруу ниетинен кайтпаса, кайберен ээси мергенди жазалап, каргап, мертинткен же күлпөттү башына салган.

Кайберендин ээси "мергенди жазалоо" жөнүндө кыргыз эл оозеки адабиятында "Кожожаш", "Карагул ботом" сыяктуу мифтик дастандар жаралган. Кайберендердин ээси жөнүндө тотемдик жомоктор айтылат. Кайберендин ээси кайберен тукумунун коргоочусу, калкалоочусу катары элестетилген, кайберен жандуулар менен адам кебетелүү (Ак байбиче) кайберен ээсинин тукум уруктук (тотемдик) байланышы элестетилгендиктен, "кайберен" ээси жөнүндөгү баян кыргыздардын тотемдик мифтерине (аңыздарына) кирет деп айтууга болот. "Кайберен ээси" кайберендерди мергендерден гана сактап калбай, кайберендерди төлдөтүүдөгү куут, туут иштерин ар мезгилге жайгаштырган. Кайберендерди оору-илдеттеринен тазарткан. Колу-буту сынган, жараланган кайберендерди күтүп дарылап сакайткандыгы жөнүндө мифтик наристе элестетилген баяндар кыргыздардын жомокторунда кереметте айтылат. Ал тургай кээ бир мергендер чидер салган, аркандап койгон кайберендерди көргөн, аларды кайберендердин ээси ошенткен имиш.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)