Качибеков Кушубек (Кушан)

Качибеков Кушубек (Кушан) – жазуучу. Талас районунун Чат-Базар айылында 1952-жылы 26-июнда туулган. А. Оторбаев атындагы орто мектепти жана 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөн.

1974-1980-жж. Талас районундагы колхоздордо бухгалтер-экономисттик кесипте эмгектенген. 1981-1994-жж. Талас облустук айыл-чарба башкармасында, агро-өнөр жай комитетинде, экономика илим-изилдөө институтунда, айыл чарба министрлигинде жетектөөчү адис, илимий кызматкер, башкы адис, бөлүм башчы, 1995-2003-жж. көз карандысыз эркин аудитор, 2003 жылдан бери Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмүндө мамлекеттик инспектор болуп иштейт.

2006-2008-жж. Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясын бүтүрүп, жогорку юридикалык билим алган.

Экономикалык, тарыхый, элдик дарыгерлик темалары боюнча бир нече макалалардын автору. 1989, 1990-жылдары "Ала-Тоо" журналына "Санжыра-тарыхка так мамиле", "Ак шербет" дастандары жарыяланган. "Талас турмушу" гезитине "Аблай жөнүндө ыр", А. Маргуландан орус тилинен котормосу жарык көргөн.

Бүргө баатырдын атчан айкелин Талас районунун Чат-Базар айылына тургузуунун демилгечиси. Казакстандагы Бүргө баатырдын кабырына таш эстелик, Талас шаарына Итим бийдин айкелин орнотуунун демилгечиси жана уюштуруучусу.

Москвада чыгуучу "Арман" аскердик-тарыхый журналдын Кыргызстан боюнча редколлегия мүчөсү.

2008-жылы "Мамлекеттик аудиттин отличниги", 2009-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери","Элге билим беруунун отличниги" төш белгилери менен сыйланган. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси. "Бүргө баатыр" коомдук кайрымдуулук фондусунун президенти, эл аралык "Алтай-Манас-Талас" коомдук бирикмесинин жетекчиси. Коомдук кайрымдуулук фондусу аркылуу жыл сайын Суусамыр жайлоосуна жайкы балдар лагерин уюштуруп жетим балдар интернаттарынан окуучуларды эс алдырышат. Алтай республикасына Айкол Манастын айкелин орнотуу боюнча демилгечи. Аталган коомдук бирикменин аракети менен РФ Тоолу-Алтай мамлекеттик Университетине жыл сайын Кыргызстандык 40-50 студенттерди бюджеттик негизде бекер окутуп жатат.

1996-жылдан Кыргызстан Журналисттер, 2009-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Бүргө баатыр: Көркөм баян. - Б.: Бийиктик, 2003, 2007. - 205 б.

Эр Солтоной баяны: Тарыхый-көркөм баян. - Б.: Илим, 2008. - 90 б.

Сатыкей баатыр: Тарыхый роман. - Б.: Учкун, 2009. - 180 б.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)