Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Кабуки

Кабуки — салттык япон театры. Музыка коштогон элдик бийлерден жана драмадан турат. 1603-ж. аялдар труппасы катары негизделген. 1629-ж. адеп-ахлак эрежелерин бузуп жатат деген шылтоо менен жабылган. 1652-жылдан оюндарга өңчөй эркектер катышып, алар аялдардын ролун да аткарган. Кабуки театры 17-кылымдын аягы 18-кылымдын башында өзгөчө өнүккөн. 18-кылымдын аягында Кабуки өнөрүнүн борбору Киото жана Осака шаарыларынан Эдого (азыркы Токио) оогон. Театрда жаңы үрп-адаттарды чагылдырган оюндар, тарыхый драмалар коюла баштаган. 1966-ж. Кабуки классикалык театрын сактап калуу максатында мамлекеттик «Кокурицу гэкидзё» театры ачылган. Театрдын спектаклдери СССРде да көрсөтүлгөн: 1928-ж. Садандзи 2 жана Сётё труппасы, 1961-ж. Итикава Энноскэ 2 жана Утаэмон VI труппасы келишкен. Заманбап Кабуки театрында салттуу канондук спектаклдер менен катар эксперименттик соңку суперкабуки спектаклдери да коюлууда.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)