Каалаганын жылчыгы

Апенди окуп жүргөндө, бир күнү мугалим сурайт: - Сабак окудуңбу? - деп. - Окудум, - дейт Апенди. - Окусаң, зат деген эмне? - Жер жүзүндө канча зат болсо, ошонун баары зат деп аталат! Апендини сабак окубапсың деген менен, баары бир, мойнуна албасын билген мугалим ого бетер өчөшкөнсүп, суроо артынан суроону жаадырып кирет: - Болуптур дейли, ошо заттардын эмне өзгөчөлүктөрү бар? - Бардык затта зат өзгөчөлүгү болот! - Буга да макул дейли, ал заттардын түсү кандай болот? - Баарынын түсү бир. -«Бир» дегениң кандай? - Кандай болсун, заттын түсү да! Оңой менен Апенди алдыра койбосун көргөн соң, мугалим баланы чаташтырмай болуп, суроону мындайчасынан коёт: - Макул, буга да мейли дедик, а түсү тунук зат кандай болот, ошону айтып көрчү. Апендинин сабак билбей турганын эми далилдеш үчүн мугалим аны акырын жөлөмөлөй баштайт: - Тунук заттын бер жагынан караса, ары жагынан күн көрүнөт, ушундай эмеспи?

- Ооба, ушундай! Бер жагынан караса, ары жагынан күн көрүнөт! - деп, Апенди шарт жооп кайтара салат. - Анда эмесе, ошо тунук заттан бир мисал келтирчи, - дейт мугалим. - Маселен, каалганын жылчыгы! - деп, Апенди мостоюп туруп жооп айтат.

- Үйдөн шыкааласаң, сырттагы жарык кадимкидей көрүнөт!

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)