Каада-салт

Каада-салт – кандайдыр бир элдин турмуштиричиликтеги, үй-бүлөдөгү жүрүм-турум нормалары, эрежелери, ырым-жырым, адеп-ахлак, каада-жөрөлгө, жол-жоболордун жыйындысы. Каада-салт улут пайда болгонго чейин эле узак мөөнөт жашап келген, белгилүү географиялык чөйрөгө жана тарыхый шарттарга байланыштуу калыптанган, ар бир элдин, этностук топтун, улуттун ичинде гана салыштырмалуу туруктуулукка ээ жана бир муундан экинчи муунга тынымсыз өтүп, коомдук пикирдин күчү менен аткарылып жана сакталып турат. Каада-салт адегенде диний түшүнүктө, кийин социалдык жана күндөлүк жашоо-турмушка ыңгайлашып, байыркы замандан бери оңдолуп-түздөлүп, өзүнө мүнөздүү туруктуу жөрөлгөлөр менен коштолуп, акырындап элдин салтына айланат. Кыргыз элинин Каада-салттары көчмөндүк шартта тектеш этностук-маданий чөйрөнүн өз ара байланышында жана таасиринде түзүлүп, олуттуу өзгөрүүлөр (диний түшүнүктөрдө, сөөк коюу каадасында, социалдык мамилелерде ж. б.) менен жаңыланып жана өркүндөтүлгөн. Кыргыздардын үрп-адаттары менен Каада-салттары мазмуну боюнча бай жана этностук-маданий комплекс болуп саналат. Анда ар кандай тарыхый доорлордо, социалдык-экономикалыкжана маданий өнүгүүнүн ар кандай деңгээлдеринде пайда болгон үрп-адаттар менен Каада-салттар жуурулган. үрп-адат менен Каада-салттарды идеогиялык чагылдыруу синкреттик мүнөздө болгон: алардан ислам салт-санаалары менен бирге исламга чейинки ишенимдердин, сыйынуулардын жана үрп-адаттардын бүтүндөй катмарын көрүүгө болот. Каада-салттарды жана үрп-адаттарды ар кандай ырым-жырымдар, жөрөлгөлөр коштойт. Каада-салт адамдын өмүр мерчемин, социалдык мамилелерди, маданияттын материалдык объектилерин ж. б. өзүнө камтып, баланын төрөлүшү (сүйүнчү, көрүндүк, ат коюу, жентек, бешик той, тушоо кесүү, сүннөткө отургузуу ж. б.), кыз берүү, келин алуу, бел куда, бешик куда, кудалашуу (тогуздап калың берүү, сөйкө салуу, күйөөлөө, жар көрүшүү, кыз оюн, кыз узатуу, келин көрүү, нике кыюу, өкүл ата, өкүл эне дайындоо, отко киргизүү, төркүлөтүү, сеп берүү ж. б.), сөөк коюу, эскерүү (кабар айтуу, тул көтөрүү, кара кийүү, өкүрүү, конок алуу, сөөк жуу, кепиндөө, узатуу, сөөк коюу, мүчө таратуу, жыртыш берүү, кара аш, үчүлүк, жетилик, кыркылык, жылдык аш, жыт чыгаруу, куран окутуу ж. б.), календарлык салт (Нооруз тосуу, аластоо, Орозо айт, Курман айт өткөрүү ж. б.), көч, конок күтүү, тартуу берүү (эски журтта түлөө берүү, өрүлүктөө ж. б.), турак жай (үй көтөрүү, там салуу, үй тою ж. б.), күндөлүк жашоо-тиричилик (мал багуу, жер айдоо, түшүм алуу ж. б.), кийим-кечек (ак калпак, кандагай, кементай, ичик, тон, топу, тебетей, шөкүлө, элечек, белдемчи, кемсел ж. б.), тамак-аш (айран, жуурат ж. б. сүт азыктары, бешбармак, жөргөм ж. б. эт азыктары, көжө, максым ж. б. дан азыктары, боорсок, көмөч ж. б. нан азыктары, кымыз, бозо ж. б. суусундук ичимдиктер) ж. б. байланыштуу бир нечеге бөлүнөт. Кыргыз элинин үрп-адаттары, Каада-салттары жана материалдык маданияты анын улуттук этностук өзгөчөлүгүнаныктайт.
Салт - муундан муунга, укумдан тукумга өтүп, узак мөөнөт бою сакталып келген социалдык жана маданий мурастын эле¬мента. Ал сөзсүз кайталанат. Кайталанбаган жосун салт болуп эсептелбейт. Бирок, кайталангандын бардыгы эле салт эмес. Ал - каада. Каада заманга жараша салттын чегинде өзгөрүп турат. Алсак, учурашуу - бул салт эмес. Бирок, анын кандайдыр бир жөрөлгөлөр менен коштолгону, мисалы, кол алышып учурашуу, өбүшүп учурашуу, ийиндерин тийгизип учурашуу, кичүүнүн улууга озунуп салам айтышы ж. б. салт болуп саналат. Демек, ушул сыяктуу кандайдыр бир кубулуштун жөрөлгөлөр менен коштолуп кайталанышы улуттук каада-салттын көрөңгөсүн түзөт. Салттын жолу улук болот. Деги эле салттардын негизги милдеттеринин бири - жаштарды ыймандуулукка, адептүүлүккө, жоопкерчиликтүү болууга, ата-эне, эл-журт алдында милдетти сезе билүүгө, улууларды сыйлоого ж. б. жакшы сапаттарга тарбиялоо.

Элдин турмуш-мүнөзүнүн өзгөчөлүгүнө, чарбалык иш - аракетине байланыштуу жаралып, тарыхый узак жолду басып, муундан муунга өтүп, коомдук пикирдин күчү менен корголуучу үрп-адаттар, адамдардын жүрүм-турум эрежелери, улуттун рухий жүзү - элдик каада-салтгар деп аталат. Элдик каада-салттар этностун, улуттун тубаса өзгөчөлүгүн, башка элден айырмачылыгын көргөзөт жана ошол өзгөчөлүктү сактап калууга жөндөмдүү жаңы муунду тарбиялоо анын негизги милдети болуп эсептелет.

Элдин улупук салттары динден мурда эле түптөлүп, эл - журтка сиңип, укумдан тукумга уланып келе жатса да, элдин тарыхый жашоо-турмушуна, жашаган жерине, алака түзгөн элине, кабьш алган динине байланыштуу өзгөрүүлөргө, алымча - кошумчаларга учурагандары да бир кыйла. Алардын адеп-ахлак тарбиясына коркунучу жокторун, кайра ага көмөктөш болгондорун эл өзүнө эчак эле сиңирип алган. Натыйжада айрым салттарды кийинки кирген жөрөлгөлөрдөн ажыратып кароого эч мүмкүн эмес. Кайра алар мурунку салттарга көрк берип, ажарын ачып турат. Алсак, ислам дининин эли-жериңди, ата-эненди, улууларды, аялзатын сыйла, кайрымдуу бол, дүйнөгө таза келип, таза кет деген сыяктуу насааттары, элдик салттар менен өзөктөшүп турганын тана албайбыз. Кыргыздар ошондой эле маркумга арнап куран окууну тек гана көзү өткөн жакын адамына болгон сагынычын, кусалыгын басуу, же таанып-билген адамды ызааттап эскерүү, курман айт, орозо айтгарды диний майрам болсо да, негизинен маркумдарды эскерүү күнү катары кабыл алышат. Демек, элдик тарбиянын тамыры элдин тарыхы менен өзөктөш. Салттарда азыркы кезде совет мезгилинин, кошуна элдердин таасири сыяктуу факторлордун натыйжасында региондордо ажырымдар бар. Ошондой болсо да айрым аймактык өзгөчөлүктөр болгону менен, алардын келип чыккан түбү бир. Дүйнөдө салтты колдонбогон эл жок.

Дагы кайталасам каада-салт, үрп-адат элдин жаштарды ыймандуу, абийирдүү, адилет, акыл-эстүү, адамгерчиликтүү, топуктуу, кең пейил, эл алдында жоопкерчиликтүү болууга чакырыгы, эли-жерин коргоого үндөө, адамдар менен алака түзүп, маданияттуу болууга, тил табыша билүүгө үйрөтүү, улуулардан бата алып, аларды сыйлоо, өз кезегинде аларды дагы жаштарга таалим берүүгө үйрөтүү, башкача айтканда элдин жаштарга жол көрсөткүчү. Кыргыз маданияты гана эл катары сактап келет. XXX Жаштыгымды балдарымдан көрө албай,
Жайлоо эңсеген жатакчыдай кусамын.
Карылыктын карааны улам жакындап,
Калдалактап жайып келет тузагын.

Мен ойногон оюндарды ойнобой,
Теле көрүп, вело тепти балдарым.
Күл чыгарып, тезек тербей талаадан,
Газды бурап чай кайнатат алганым.

Карып барам өзүм деле илгерки,
Нарк сактаган карыларга окшобой...
Улам жакшы турмуш үчүн умтулуп,
Жашоо алга жылат тура токтобой.

Кайталанбай каржалган бир мезгилдер,
Жакшы дечи оңолгону турмуштун.
Бирок салтын сактайлычы өзгөртпөй,
Жүзүн ачьт бере турган кыргыздын.

XXX Билим десе билимим бар жогорку,
Көп адамдан көптү билем чынында.
Айылдык бир абышканы тыңдасам,
Алган билимим арзыбастай тыйынга.

элин салт-санаасы, Жатка айтып байыркы Рим тарыхын,
Эң бир татаал маселени чыгарам.
Каада-салтын, үрп-адатьш кыргыздын.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)