Юсупова Салтанатхон

Юсупова, Салтанатхон (1929-жылы Араван району, Араван кыштагында төрөлгөн.) - пахтачы, колхоз өндүрүлүшүн уюштуруучу, Социялистик Эмгектин Баатыры (1966). 1952-жылдан КПСС мүчөсү. 1957-60-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбору К-тиндеги сов. парт, мектепти жана Анжиян пахтачылык иниститутун (сырттан) бүтүргөн. Эмгек жолун 1943-ж. колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1960-жылдан 22-партсъезд атындагы колхоздун пахта өстүрүүчү бригадасын жетектеген. 1965-ж. анын бригадасы ар гектар пахта аянтынан 38,5 цден түшүм жыйнап алган. Ушул эле жылы өзү пахта жыйноочу машина мнен 1008 т пахта терген. 1972-жылы ушул колхоздун председателинин орун басары, 1977-жылдан райондук аткаруу комитетинин председателинин орун басары, 1979-жылдан өзүнүн колхозунда бригадир болуп иштеген. 1971-80-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты.

Социялистик Эмгектин Баатыры, Ленин ордени, Октябрь Революциясы ордени, медалдар менен сыйланган.

Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)