Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp *** Таанышуу боюнча жарнамалар 1 жумага 50 сом

Иванов Мстислав Борисович

Иванов Мстислав Борисович (3. 1. 1924-ж. туулган, Кострома шаары) Даңк орденинин толук кавалери. 1942-ж. августта Советтик Армияга чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушта Воронеж, Талаа жана 2-Украин фронтторунда салгылашкан. Курск салгылашына катышып, Украина, Румыния, Венгрия, Австрия жана Чехословакияны душмандан бошотушкан. Согуш майданында көрсөткөн эрдиги үчүн 3жана 2-даражадагы Даңк ордендерин (1944, 1945) алууга татыктуу болгон. Загорск-Быстрица (Украина) кыш-нын жанында душмандын негизги күчүн калкалаган отрядды талкалап, 69 гитлерчини туткундаганы үчүн 1946-ж. 15-майда 1-даражадагы Даңк орденин алган. И. 1950-ж. А. Навои атындагы Өзбек мамлекеттик университетин бүтүргөн соң, Кырг-нга жиберилген. 1950-79-ж. Кыргыз ССР геологиялык башкармалыгында инженер-геолог болуп эмгектенген. 3даражадагы «Манас», Кызыл Жылдыз, 1-, 2даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери менен сыйланган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)