Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Итаалы

Итаалы — "Манас" эпосунун Сагымбай Орозбаковдун вариантында "Кошойдун окуялары" деген бөлүмдө итаалы жөнүндө өзүнчө эпизод айтылат. Бул окуянын кыскача мазмуну төмөндөгүдөй:

Манастын чоролорунун бири — Жайнак өзүнүн башынан өткөргөн окуяларын баян кылганда итаалынын элинде үч жыл жүргөнүн айтат. Жайнак кой кайтарып жүргөн итаалыга жолугат да, анын үйүнө барат. Анын аялы өтө сулуу экен. Дөбөт иттин буйругу менен козу союлуп, ага эт бышырып берет. Бирок өздөрү жебейт. Эртесинде көйнөк, өтүк кийгизет. Жайнак беш-алты күн туруп кетейин деген өтүнүчүнө дөбөт ит макул болот. Күнүгө бир үйү чакырып козу союп коноктойт. Жайнак бир — эки жыл силерге кызмат кылып, кой кайтарып берейин деп суранат. Дөбөт ит көпкө каңкылдап туруп: "Адамга жакшылык кылып баксаң, курсагы тойгондо кайра жамандык кылат" — дейт.

Бир күнү көп иттер келип, баягы козу сойгон келин экөөнү эки жоргого мингизип түштүк тарапты көздөй ээрчитип жөнөйт. Эртесинде ак ордо үйгө келишет. Жер жайнаган иттер Жайнакты баягы ак ордого киргизет. Көп тайгандар тегеректеген чоң жолборс түрүндөгү бир ит бар экен. Ал итаалылардын беги (каны) экен. Жайнак анын аялынын сулуулугун көрүп талып калат. Суу сээп жатып араң эс алдырышат. Ал зор дөбөт көк чүпүрөккө мөөр басып берет да, эми баргын деп уруксат кылат. Жайнак кайра келип баягы итаалынын коюн үч жыл багат. үч жылдан кийин баягы келин: "Адам уулун издеп таап алгын" — деп, Жайнакка ат мингизип түндүк тарапка жөнөтөт экен. Ошол итаалынын элинен келе жатып жалгыз көздүү Адамдүк дөөгө жолугуп калып, анын туткунунда алты жарым жыл жаткан экен (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 573-инв., 320-327-б.).

Итаалы жөнүндөгү мифтик уламыш Азия элдеринде байыркы доордо эле пайда болуп кеңири чөйрөгө таралган уламыштардын бири экендигин белгилөөгө болот. Изилдөөчүлөр итаалы жөнүндөгү мифтик уламыш адегенде Индияда пайда болуп, улам Азиянын башка элдерине таралган деп эсептешет.

"Манас" эпосундагы итаалы жөнүндөгү окуянын түзүлүшүнө бул мифтик уламыштын кандай версиясы негиз болгондугун белгилөө үчүн ар түрдүү адабияттардагы маалыматтарды келтирип көрөлү. А. Фирдоусинин белгилүү "Шахнаме" дастанында сегсар (ит башы) деген эл, тагыраак айтканда Сегсаран (ит башы өлкөсү) деген жомоктук жердин аты эскерилет. Поэма боюнча Сегсаран деген жер элдик ишенимде Ирандын түндүгүндөгү Мазендеран (Каспий деңизинин түштүгүндөгү бийик тоо кыркасы) менен бирге дөө-перилердин өлкөсү катарында түшүндүрүлөт. Моңголдордун "Ганга — йин урусхал" ("Ганганын агымы") аттуу жылнамасында Чынгызкан башка элдерди багынтуу менен бирге башы иттикиндей дене бою адам кебетесиндеги элди жеңгендиги тууралуу да маалымат айтылат. 13-кылымдын орто ченинде Борбор Азияга келишкен Европа саякатчылары Марко Поло менен Плано Карпини жазып кеткен маалыматтарда да итаалы жөнүндө уламыш бар.

Мында ал элдин сырткы көрүнүшү адам кебетесинде болгону менен башы иттикиндей болуп, сүйлөшкөндө бир-эки ооз сөздү адамча сүйлөп, арасында итче үрүп айтчу, оюн эптеп түшүндүрөт имиш. П. Карпини Азиянын элдеринде айтылган укмуштуу мифтик жандыктар жөнүндөгү уламыштар боюнча алардын сүрөттөрүн да тарткан экен. Алардын ичинде итаалынын да сүрөтү бар.

16-кылымдын башында жазылган өзбек акыны Мажлисинин "Киссаи Сайфулмулк" аттуу поэмасында итбоши (итбашы) жөнүндөгү окуя белгилүү орунду алат. Мажлиси бул поэмасына негиз кылып арабдын "Миң бир түн" деген чыгыш элдерине кеңири таралган жөө жомокторунун сюжетин пайдаланган. Ошондой эле элдик оозеки чыгармалардагы уламыштарды (итаалы жөнүндө да) да поэмага кайрадан иштеп киргизгендиги ачык байкалат. Себеби, Итбашы (И.) жөнүндөгү мифтик уламыш "Миң бир түн" жомогунда айтылбайт. Демек, бул итбашы тууралуу уламышты кийин өзү киргизгендиги даана эле көрүнүп турат. Мажлисинин бул поэмасы эл арасына кеңири таанымал болгондуктан кол жазма түрүндө да таралып башка түрк элдеринде (татар, казак, уйгур, түркмөн) да анын өзүнчө улуттук версиялары пайда болгон.

"Киссаи Сайфулмулк" поэмасы "Калк китептери" деген серия боюнча 1-жолу 1883-ж., 2-жолу 1898-ж. Казанда басылып чыккан. 1916-ж. кыскартылган түрдө Ташкенде басылган. Бирок, поэма ушул сыяктуу кеңири белгилүү болуп коңшу элдерге да таралгандыгына карабастан, кыргыздарда өзүнчө версиясы болгондугу белгисиз. Ошондой эле эпостогу итаалы жөнүндөгү окуянын мазмуну менен Мажлискийдин поэмасынын ортосунда жалпылык жок экендиги сезилет.

Итаалы жөнүндөгү уламыштын бир версиясы алтайлыктардан жазылып алынган. Бул версияда итаалы моңгол тилиндеги аталышы боюнча "нохой артыны" ("ит адамдар") деп аталат. Уламыш боюнча "нохой артыны" элинин аялдары өтө сулуу келип, кадыресе адам кебетесинде болот да, эркектеринин гана башы иттикиндей болот имиш. Арийне, алтайлыктардагы версиясы моңгол термини ("нохой артыны") менен аталгандыктан, аны моңголдордон өздөштүрүлгөн деп эсептөөгө толук мүмкүн.

Мына ушул алтайлыктардан жазылган "нохой артыны" ("ит адамдар") деген уламыштын мазмуну "Манас" эпосундагы "Итаалы жөнүндөгү окуя" менен бирдей, башкача айтканда генетикалык жагынан түздөн-түз байланышы бар деп айтууга болот. Эң негизгиси Нохой артыны менен итаалынын жана алардын аялдарынын образдары (өтө сулуу) бир типте болушу түпкү чыгышы бир экендигин аныктап турат.

Итаалы жөнүндөгү уламыш Түштүк Сибирь менен Борбордук Азияда жашаган түрк-моңгол элдеринде гана эмес, Орто Азия элдеринде (кыргыздар) да кеңири белгилүү болуп, өзүнчө версиясы таралгандыгы талашсыз. Ошондуктан Сагымбай Орозбаковдун вариантындагу итаалы жөнүндөгү окуянын түзүлүшүнө кыргыз элинин өзүндө эле айтылып жүргөн уламыш негиз болгондугун белгилөөгө болот. Бул уламышты жомоктук окуяга айландырып, ыр түрүндө иштеп чыгуу менен "Манаска" кошумчалап киргизүү Сагымбай Орозбак уулуна таандык.

Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы итаалы жөнүндө өзүнчө эпизод айтылуу менен бирге бул эл Көкөтөйдүн ашында да эскерилет:

Эргежээли, Итаалы —

Катыны адам, эркеги ит.

Кабарын уктум мен аны

Аларга кабар салбасын

(Сагымбай Орозбаков, 3. 14).

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)