Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Ит мурундун пайдасы

Баш барак | Пайдалуу кенештер | Ит мурундун пайдасы

Ит мурундун пайдасы кандай? Ал жонундо кеңири маалымат биздин макалада болот. Ит мурун элдик медицинада абдан белгилүү өсүмдүк. Анын даарылык касиеттерин адамдар байыркы заманда эле билишкен. Макалабызда ит мурундун болгон пайдасын жана зыянын айтып бермекчибиз.

Ит мурун жонундо

Негизги макала: Ит мурун

Ит мурун жапайы өсүмдүк, ал розалар тукумуна кирет. Элдер, көбүнчө орустар аны "жапайы роза" деп коюшат, бизде болсо жөн гана ит мурун. Ит мурундун бадалы негизинен май жана июнь айларында гүлдөйт. Жемиштери болсо сентябрь-октябрь айларында бышып жетилет. Бул өсүмдүк тропик жана түбөлүк тоң аймагынан тышкары дээрлик бардык жерде өсө берет. Нымдуулукту абдан жакшы көрөт. Ошондуктан көбүнчө ит мурундун бадалдары көлдөрдүн, дарыялардын, агын суулардын жээгинде көп кездешет.

Учурда ит мурундун 400дөй түрү бар, ошол эле убакта жалпыга маалым болгон түрүнүн саны 140 чамасында. СССРдин жана Кыргызстандын аймагында 100-150дөй түрү өсөт. Маданий сорттору андан көп. Түрдүү маалымат булактардын айтуусу боюнча 10000ден 50000 чейин. Булардын ичинен эң белгилүүсү бул - май ит муруну.

Химиялык курамы

Ит мурун - витаминдерге жана минералдарга бай комлпекс десек болот. Көптөгөн адамдар анын курамында С витамини көп экенин билишет. Канчалык көп? Орточо эсеп менен карагаттан 7-10 эсе, жана лимондон 40-50 эсе көп. Ошондой эле өсүмдүк минералдык жана ийлөө заттарын курамына камтыйт. Эң көбү: Кальций (Ca), Калий (K) жана Марганец (Mn).

Химиялык курамын кабылдоонү жеңилдетүү үчүн таблицаны карап көрүңүз.

100 граммдаСууБелокторМайларУглеводдорКалориялар
Ит мурун60г.1,6г.014,0ккал 213 кДж

Пайдалуу касиеттери

Биринчиден иммунитетти бекемдейт. Организмдин иммунитетинин бекем болуусу - ден-соолуктун жана жакшы маанайдын кепилдиги. Иммунитети бекем адамдар вирустук, микробдук жана аллергиялык оорулар менен аз оорушат. Ит мурун вирустук кол салуулардан сактоочу жана организмди калыбына келтирүүчү жакшы иммуномодулятор. Ал үчүн 1-2 аш кашык ит мурунду 1л сууга кошуп маңыз (отвар) даярдайт. Маңызга ит мурундун тамырларын жана жалбырактарын дагы кошуп койсо болот. Алар дагы пайдалуу касиеттерге ээ.

Кан тамырларды жана зат алмашууну нормалдаштырат. Өзүнүн минералдык курамына жараша ал кан тамырлардын стенкаларын жакшы бекемдейт. Зыяндуу холестерин деңгээлин төмөндөтөт жана кан айланууну жакшыртат. Кандын уюгучтугуна жардамын берет. Ит мурундун курамындагы Р витамини - капиллярларды жакшы бекемдейт. Ошондой эле ит мурун аз кандуулук жана атеросклероз болгондо пайдалуу.

Кан басымды төмөндөтөт. гипетониядан жабыркагандарга кабыл алуу сунушталат. Ит мурун заара чыгаруучу жана өт айдоочу эффектилерге ээ. Ичеги-карындарды жакшыртат. Аш казандын жараларын даарылоодо колдонулат (зыяндарын караңыз). Тамак сиңирүүнү жакшыртат. Ит мурундун негизиндеги маңыз организмдеги канттын жана майлардын өздөштүрүүсүнө көмөктөшөт. Табитти ачат. Кытайда ит мурун ич курттарга, мителерге каршы каражат катары колдонулат.

Темир затынын булагы. Ит мурунду, ашкабак сыяктуу эле темир затына муктаждарга кабыл алуу зарыл.

Ит мурун - антиоксидант. Ит мурун зыяндуу холестеринден тышкары организмдеги токсиндерден жана шлактардан арылтат.

Кургак учукту (туберкулез) дарылайт. Кургак учук узак мезгилде дарыланат. Ал үчүн ит мурундун негизинде тундурма колдонулат.

Жаракаттарды айыктуруугө көмөктөшөт. Орто кылымдарда ит мурунду жаракаттарды жана жылаан чагууларын дарылоодо колдонушкан. Жемишин кичине чайнап туруп, жаракатка коюшкан. Ал ириңди тартып алып, жугушсуздандырып, абдан терең жаракаттарды дагы дарылаган.

Өсүмдүктүн дагы кандай пайдалуу жактары бар:

Ит мурун жана косметология. Ит мурун косметология жаатында өзүн жакшы көрсөттү. Аны териге, чачтарга жана тырмактарга кам көрүүдө колдонот. Андан майларды, лосьондорду жана бальзамдарды даярдашат. Кыскасы ит мурун көптөгөн даарыканадагы синтетикалык даарылардын ордун алмаштыра алат. Бирок өзүңөрдү даарылоодон мурда даарыгер менен кеңешип алуу керек.

Ит мурундун коюуу маңызы

Ит мурундун коюуу маңызы көптөгөн даарыканаларда сатылат. Анын негизги касиети - бекемдөө. Анда С витамини көп. Демек, мындай маңыз, өзгөчө кышкы жана жазгы мезгилде адамды вирустук оорулардан сактап, иммунитетти көтөрө алат. Коюуу маңыз көптөгөн касиеттерин, ит мурундун табигый жемиштеринен алган. Бирок ал жемишке карганда көбүрөөк сактала алат.

Тундурмасы

Тундурма жасоонун рецепти абдан оңой. Эгер жемиштерди туура кургатып алса, аны жыл бою тундурма жасоого болот. 1 аш кашык кургатылган ит мурун жемиштерин алып, эки стакан кайнак суу кошуу керек. Андан соң ал 10-15 саат туруусу зарыл. Мындай тундурманы тамак алдында, күнүнө 3 жолу жарым стаканда кабыл алуу сунушталат. Кургак жемиштеринен тышкары, кошумча катары - жалбырактарын жана ит мурун тамырларын колдонсо болот.

Ширеси

Биринчи ит мурун аралаштырылган шире суусаганда суусунду жакшы кандыраарын айтып кетели. Бирок көптөгөн адамдар мындай ширени даарылануу максатында колдонушат. Ит мурун ширеси көптөгөн оорулар менен күрөшө алат. Мисалы, авитаминоз болгондо, ашказан жарасы, жүрөк-кан-тамыр оорулары. Ошондой эле организмди шлактардан жана токсиндерден тазалоочу катары колдонулат. Бөйрөктүн ишин нормалдаштырат, кан айлануучу жакшыртат. Ит мурун ширеси эс-тутумду калыбына келтирип жана жакшырта алат, баш ооруну басаңдатат.

Азыркы кененчилик заманда, дүкөндөрдөн мөмө-жемиш ширелерин гана таппастан, ит мурун ширесин да тапса болот. Биз аларга акчаңызды коротууну сунуштабайбыз. Андай ширелердин дээрлик пайдасы жок. Айтылган пайдаларды жаңы сыгылган шире гана бере алат. Табигый өндүрүмдөрдү гана колдонгула.

Майы

Мындай май ит мурундун уруктарынан даярдалат. Даамы ачуураак келип, ачык, чычкак сары түстө болот. Анда каныккан май кислоталары жана аскорбин кислотасы (С витамини) көп. Ит мурун майы негизинен косметологиялык максатта колдонулат. Ал терини нымдап, майлуу териде май тең салмактуулугун калыбына келтирет, терини жылмакай, кичине кызгылт (румяна) берип, татынакай кылат. Майды дайыма колдонууда, сиздин териге адамдар суктана баштайт. Тери жашарып, микроб жана вирустардан коргоо алат.

Боюнда бар айымдарга пайдасы

Боюнда бар мезгилде аял иммунитети өзгөчө коргоого муктаж. Мындай мезгилде жугуштуу ооруларга кабылуу өтө оңой, ОРВИ же дагы башка вирустук оору болобу. Ит мурун мындай учурда - мыкты коргоочу. Ал таблеткаларга караганда иммунитетти табигый жол менен бекемдейт. Боюнда бар мезгилде токсикоз менен күрөшүүгө жардам берет. Эстен чыгарбагыла! Өзүн-өзү даарылоону даарыгер менен кеңешип жасоо зарыл.

Каршы көрсөтмөлөр

Пайдалуу жактарына бай болуу менен бирге ит мурун көптөгөн каршы көрсөтмөлөргө ээ. Аларды билип алуу ашык болбойт.

Кыскасы чектен чыкпоо керек, дал ушул чектен чыгып колдонуулар жаман натыйжаларга алып келет. С витаминин күнүмдүк дозасы ит мурундун 7-10 майдаланылбаган мөмөсүндө. Ит мурунду кантип сактоо жөнүндө ылдыйраак жакка жаздык.

Кантип тандоо керек

Албетте, дүкөндөрдө ит мурун сатылбайт. Бирок бул көйгөй эмес. Аны базардан орустун кемпирлеринен сатып алсаңыз болот. Же суу жээктерине, көл жээктерине барып чогултуп алсаңыз болот. Иштетилбеген мөмөлөрүн алсаңар жакшы, бирок аларды кургатылганга караганга табуу оңой эмес.

Кургатылган ит мурун алып жатканда анын түсүнө көңүл буруңуз. Ал кызгылт-күрөң болушу керек. Эгер ал чала кургатылган болсо, белгилүү бир шарттарда ал көгөрүп кетет.

Сактоо

Ит мурунду сентябрь айынан суук түшкөнгө чейин даярдайт. Бузулбаган, жабыркабаган мөмөлөрдү тандайбыз. Көбүрөөк сактоо максатында аны духовкада же күнгө чыгарып кургатат. Мындай учурда анда С витамини көбүрөөк сакталып калат. Ал үчүн мөмөлөрдү бир катмар калыңдыкта темир же жыгач тактайдын үстүнө жайып, аралаштырып, которуштуруп туруу керек. Кургатуу убактысы 2 күн, эгер алар жакшы кургатылган болсо, бири-бирине жабышып калбашып калбайт. Андан соң айнек банкаларга салып, капкактын ордуна марли менен жаап коебуз.

Кызыктуу фактылар

С витаминин курамындагы көлөмү боюнча ит мурун, лимон жана кара карагаттан бир нече эсе көптүк кылат. Иван Грозныйдын убагында ит мурунду эң баалуу даары каражаттарына бири болгон.

Пайдасы жана зыяны

Пайдасы

Зыяны

Жыйынтык

Ит мурун пайдалуу заттардын сандыгы экендиги жана элдик медицинада абдан популярдуу экени шексиз. Учурда ит мурундун негизинде дайындалган ар кандай ооруларды даарылоочу даарылар бар. Грипптен баштап кургак учук жана атеросклероз дегендерге чейин. Бул өсүмдүк башка пайдасы азыраак мөмө-жемитер, жер-жемиштер жана жашылча-жемиштер менен жакшы айкалышат. Бирок ит мурунду колдоноордо сөзсүз дарыгер менен кеңешип, анан чектен ашпай, колдонуу керек. Унутпагыла, ден-соолук биздин эң кымбат нерсебиз. Ал эми биздин "Ит мурундун пайдасы" аттуу макалабыз чындыгында пайдалуу болду деген үмүттөбүз. Дениңиз сак болсун!

Дагы караңыз

Сайтка жарнама жайгаштыруу