Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Истамбеков Аден Бекембай уулу

Истамбеков Аден Бекембай уулу(1903, Ичке-Жергез айылы, Ак-Суу району -1937, Бишкек ш.) - мамлекеттик жана коомдук ишмер, подполковник, аскердик профессионал жетекчи, Республиканын алгачкы аскер комиссары. 1924-жылдан КПСС мүчөсү. Москвадагы Аскер педагогикалык жогорку мектепти (1927), кийин САГУнун тарых факультетин (сырттан), Ленинграддагы аскер тактикасын окутуучуларынын курсун бүткөн. Атасы Бекембай үй-бүлөсү менен 1906-жылы Иркутскиге сүргүнгө айдалып, каза болгондон кийин үй-бүлөсү 1913-жылы Ысык-Көлгө кайтыи келген. 10 жашар Аден Ак-Суудагы орус байларына жалданып иштеп, чиркөө мектебинде окуган. 1916-жылы Үркүндө Кытайга барып, 1917-жылы кайра келген. Ошол жылдар ченде Каракол жогорку педагогикалык окуу жайынан окуган.

1921-жылы Ташкен аскердик окуу жайындагы командирлерди даярдоочу атайын курстан окуп, 1922-жылы кызыл комиссар наамына ээ болгон. 1922-24ж. 813 (өзгөчө) ротанын командиринин жардамчысы, 1924-31-жылы Ташкендеги В. И. Ленин атындагы жогорку аскер мектебинде взводдун командири, инструктор, согуш тактикасын үйрөтүү боюнча окутуучу, окуу бөлүмү 5-ча начальниктин жардамчысы, парткомдун жооптуу катчысы, Орто Азия Аскер округунун атчандар мектебинин окуу бөлүмүнүн начальнигинин жардамчысы (1931—32), жооптуу секретары (1932-33), казак атчандар полкунун командиринин саясий ииггер боюнча жардамчысы (1933—36), 53-кыргыз атчандар полкунун туңгуч аскер комиссары (1937, март - сент.), Ферганадагы тоо атчандар дивизиясынын саясий бөлүмүнүн башчысы (1937) болуп иштеген. 1936ж.

батальондук комиссар наамы ыйгарылган. Кыргызстан КП(б) БКнын мүчөлүгүнө шайланган. 1937-жылы «буржуазиялык улутчул» деген жа-лаа менен репрессияланып, 1937-жылы түрмөдө өлгөн. 1958-жылы толугу менен акталган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 1134, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо