Исраилов Мукаш

Исраилов Мукаш (17. 8. 1942-ж. туулган, Нарын облусу, Нарын району, Миң-Булак айылы) – экономист, экономика илимдеринин доктору (1998), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти (2007). Бухгалтериялык эсеп боюнча адис. Фрунзедеги финансы-экономикалык техникумду (1960), КМУну (1965), Москва экономика-статистика институтунун аспирантурасын (1970) бүткөн. Фрунзедеги ун комбинатында бухгалтер (1960–65), Кыргыз CCP даярдоо министрлигинде экономист (1965), КМУда окутуучу, доцент (1965–76), КАЧИде кафедра башчысы (1976–79), Кыргыз айыл чарба министрлигинде Мал чарба жана жайыт ИИИде бөлүм башчы, директордун орун басары (1980–87), КААда кафедра башчысы, декан, профессор (1990–99), КУУда профессор (2000–04), 2004-жылдан КРСУда кафедра башчысы. 40тан ашуун илимий эмгеги, анын ичинде 5 монографиясы жарык көргөн. Медалдар менен сыйланган. Эмгектери: Проблемы аграрной реформы: управленческо-информационные аспекты. Б., 1997, Современные проблемы аграрной реформы (авторлош). Б., 1999, Проблемы развития бухгалтерского учёта п аудита в Кыргызстане. Б., 2003.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)