Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Испания

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Испания

Испания мамлекети жонундо маалымат. Испания - Европадагы ири өлкө. Ал Пиренеи жарым аралында жайгашкан. Өлкөнүн дээрлик бүт аймагын түштүктүн аптаптуу күнүнө куйкаланган тоолор жана бөксө тоолор ээлейт. Бул жерде майда өзөнчөлөр көп, алардын көпчүлүгү жайында соолуп калат. Ойдуңдар аз, негизинен деңиз жээгинен орун алган. Ойдуңдар аркылуу суусу мол дарыялар агат. Испаниянын климаты жылуу жана жумшак. Өлкөнү жер Ортолук деңиз менен Атлантика океаны чулгап турат.

15-кылымда испандыктар маврларды кууп чыккандан кийин, өлкөдө чоң өзгөрүүлөр болгон. Колумб Американы ачкан соң, Испаниянын колониялары көбөйүп, мамлекет эң бай жана күчтүү империяга айланган. Бирок ошол мезгилде Европадагы күчтүү мамлекеттер - Британия жана Голландия буга тоскоолдук кылган. Ал эми Франция Испанияны 1803-1814-жылдары басып алган соң, испан колонияларына эркиндикке чыгууга мүмкүндүктөр түзүлөт. Испаниянын абалы начарлап, мунун баары 1930-жылы граждандык согуштун чыгышына себеп болгон жана генерал Франсиско Франконун диктатурасы орногон.

Ал өлгөндөн кийин - 1975-жылы өлкөдө демократия жана королдук бийлик калыбына келтирилип, Испания олкосу кайрадан өнүккөн европа мамлекеттеринин катарына кирген. Испания - өнөр жайы, айыл чарбасы өнүккөн өлкө. Анда таш көмүр, темир, сымап, уран, вольфрам, коргошун табылган. Казып алынган кендер өлкөнүн өзүндөгү завод-фабрикаларда кайра иштетилет. Талааларында буудай, күн карама, пахта, кант кызылчасы жана башкалар эгилет. Жүзүмчүлүк, цитрус, олива майы алынуучу өсүмдүктөрдү өстүрүшөт. Испаниянын шаарларынын өзүнчө жүзү, өзгөчөлүгү бар. Испаниянын байыркы борбору, орто кылымда салынган Толедо шаары сүрдүү көркөмү менен айырмаланат. Испания кыргызча тилдүү адамдар дагы кездешет, учурда миграция күчөгөнүнө байланыштуу.

Гранада, Кордова, Севилья, Барселона - ажайып кооз шаарлар. Испаниянын азыркы борбору - Мадрид чет өлкөлүк көп туристтерди кызыктырат. Анын көчөлөрү жана аянттары, музейлери, сүрөт галереясы бүткүл дүйнөгө белгилүү. Веласкес, Гойя, Мурильонун мыкты чыгармалары чогултулган. Испания - жазуучу Мигель Сервантестин (ага жана анын адабий каармандарына Мадридде эстелик тургузулган), драматургдар Лoпe де Вега менен Педро Кальдерондун мекени. Испания деген эмне деп жатып ушул макалбызды жараттык. Испания жөнүндө башка маалыматтар шилтемеде. Кошумча Испан-Америка согушу жөнүндө окуп койгула.

Жайгаштыруу: 2018-03-30, Көрүүлөр: 5429, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-03-30
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо