Исмаилова Айгүмүш (Айгүмүш Аксы)


Жазуучу, журналист, драматург, котормочу Айгүмүш Исмаилова Аксы районунун Ак-Жол айылында 1950-жылы 1-январда туулган. 1983-жылы Ош педагогикалык институтунун филология факультетин, 1993-жылы Москвадагы В. И. Ленин атындагы мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн. 1977–1987-жж. Ош облусунда орто мектепте мугалим, 1987–1991-жж. Бишкектеги РПНДда педагог-дефектолог болуп иштеп, «Кыргыз Руху», «Акыйкат жарчысы» гезиттеринде штаттан тышкаркы кабарчы болуп кызматташкан. 1991–1996-жж. Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрында директор жана көркөм жетекчи болгон. Ал Айгүмүш Аксы деген энчиленме ат астында, орус жана кыргыз тилдеринде жазат. Ал көркөм өнөр, драматургия жана философия, гендер темаларына арналган макалаларды, эсселерди жазып келет. Драмалык чыгармалары Караколдун (1988-ж.), Нарындын (1989-ж.), Оштун (1991-ж.), Жалал-Абаддын (1992-ж.), Бишкектин (1993-ж.), Өзгөн элдик театрларынын (1988-ж.) жана Чолпон-Ата шаарынын (1989-ж.) театрларынын сахналарында коюлган. Анын жети китептен турган философиялык-поэтикалык «Жемчужины мысли» аттуу чыгармасынын компьютердик варианты интернетке киргизилип, өзбек тилине которулган. Филология илимдеринин кандидаты, аялдардын демократиялык кыймылынын активдүү катышуучусу, Кыргызстан аялдар Конгрессинин мүчөсү. 1992-жылдан Театр ишмерлер союзунун, 1993-жылдан Кыргызстан Журналисттер союзунун, 1995-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)