Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Исмаилов Сапар

Баш барак | Биографиялар | Исмаилов Сапар

(1942-жылы туулган, Жети-Өгүз району, Оргочор айылы) - опера ырчысы. Кыргыз Республиканын эмгек сиңирген артисти (1992). Пржевальск айыл чарба техникумун (1962), Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун профессор Б. Миңжылкыевдин вокалдык классы боюнча бүткөн (1974). 1973-жылдан айыл Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында солист. негизги аткарган ролдору: Канчоро, Түмөнбай («Айчүрөк», «Манас», В. Власов, В. Фере, айыл Малдыбаев), Сапарбай, Тейитбек («Аста секин, колукту», «Курманбек», Н. Давлесов), Сулайман, Султанбек («Аршин мал алан», У. Гажибеков), Токтогул («Токтогул», В. Власов, В. Фере, айыл Малдыбаев), Риголетто, Амонасро, Ди Поза («сРиголетта», «Аида», «Дон Карлос», жылы Верди), Томский, Бес, Эбин-Хакиа («Карганын маткеси», «Черевички», «Иоламта», П. И. Чайковский), Дон-Катро («Кармен», жылы Бизе), Карнеро («Цыган барону», И. Штраус) жана башкалар 1991-жылдан театрдын башкы администратору.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 603, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу