Иштин чын-бышыгын тактоо

Апендиге сес көрсөтүп, коркутуп коёюн деген ой менен Темирлан ордодогулардын көзүнчө ага сурдана карап: - Кечеги күнү бир жыйында мени акыйкат падыша деп мактап сүйлөшсө, сен ошо жерде отуруп, менин боорукерлигим туурасында бир ооз сөз айтып койбопсуң. Баарын билем, - дейт. Анда Апенди кебелбей: - Жок, улугум, бул ушак! Кечеги гана күн эмес, мен бала болуп башыма жүн чыкканы сенин акыйкаттыгың менен боорукерлигин туурасында мактоо сөз сүйлөнгөн бир да бир жыйынга катышсам, күн көрбөй калайын! - дептир.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)