Иштеп чыгаруу нормасы

Иштеп чыгаруу нормасы – жумушчунун (бригаданын) белгилүү бир убакыттын (сааттын, сменанын, айдын) ичинде иштеп чыгарууга тийиш болгон продукцияларынын же операцияларынын санын объекттин өндүрүмдүүлүгүн, техникалардын, технологиянын, өндүрүштү жана эмгекти уюштуруунун, жумушчулардын квалификациясынын деңгээлине жараша болот. Иштеп чыгаруунун прогрессивдүү нормасы өндүрүштүн алдыңкы тажрыйбасын, илим менен техниканын жаңы жетишкендиктерин өндүрүшкө киргизүүнү талап кылат, иштеп чыгаруу нормасы убакыттын фондусун убакыт нормасына бөлүү жолу менен аныкталат. Убакыт нормасы канчалык чоң болсо, иштеп чыгаруунун сменалык нормасы ошончолук аз болот да, тескерисинче, убакыт нормасы канчалык аз болсо, иштеп чыгаруунун нормасы ошончолук арбын болот, тейлөө нормасы бир сменада жумушчунун канча сандагы жабдууларды же канча жумушчу орундарын тейлей тургандыгын көрсөтөт. Илимий жактан негизделген убакыт нормасы, иштеп чыгаруунун саны жана тейлөө нормасы эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуунун, адам эмгегин үнөмдөөнүн чечүүчү факторлорунун бири болуп саналат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)