Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Ишташтоого укук

Ишташтоого укук – демократиялык мамлекеттерде адамдын конституциялык эмгектик (кеңири алганда – экономикалык) укуктарынын бири. Жекече жана жамааттык эмгек талаштарына кыйла кенен укуктун бөлүгү болуп эсептелет. «Социалисттик» өлкөлөрдүн конституцияларында эч качан таанылган эмес. И. т. у. учурдагы мыйзамдардын деңгээлинен тартып, конституциянын тексттеринде да бир кыйла чектөөлөр менен тастыкталат. Эреже катары, И. т. у-тан аскер кызматкерлери, укук коргоо органдарынын жана турмуш-тиричиликти камсыз кылуу кызматтарынын кызматкерлери, кээде баардык мамлекеттик кызматкерлер ажыратылган. И. т. у-ту жүзөгө ашыруу үчүн өзгөчө каражат катары, мыйзамда эреже катары, кыйла татаал жолжоболор каралган. КР Конституциясында И. т. у. башка эмгек укуктары менен бирге бекемделген.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)