Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Ишенов Сагынбек

Ишенов, Сагынбек (1934-ж. т., Чүй району) – кино сүрөтчүсү. Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү. 1961-ж. Бүткүл союздук кинематография институтун бүтүргөн. 1962-жылдан республикалык, бүткүл союздук жана эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. СССР кинематографисттер союзунун (1966), СССР сүрөтчүлөр союзунун (1967) мүчөсү. Сүрөтчү-коюучу катарында өзгөчө жетишкендиги болуп "Кыргызфильм" киностудиясы тарткан "Бакайдын жайыты" (1968), "Уркуя" (1971), "Ташка баткан элестер" (1974), "Сыпайчы" (1976) көркөм фильмдери болгон. 1968-ж. Орто Азия республикаларынын жана Казакстан фильмдеринин кароосунда бул фильм үчүн И. "Чоң тоо хрусталы" аттуу 1–байгени, Франкфурт-на-Майнедеги эл аралык фестивалда Ардак дипломду, Италиянын Триест шаарында "Алтын альпы бутагы" (1969) сыйланган. И-дун катышуусу менен тартылган фильмдер Бүткүл союздук жана эл аралык кинофестивалдарга катышкан. 1970-жылдан баштап "Кыргызфильм" киностудиясында И. жетектеген сүрөтчүлөр тобу кыргыздын туңгуч "Сандар чатагы" анимациялык фильмин чыгарышкан. И-дун станоктук живописте революциялык-граждандуулук тематикасы курч берилген эмгектери: "Чоң салгылашуудан кийин" (1968), "Эркин-Тоо" (1969), "Алыскы айылга шам" (1971), "Узак жол" (1975), "Жаңы турмуш үчүн" (1977) жана башка Анын "Кызыл өгүздөр, көк соко" аттуу картинасы мыкты картинасынан болуп эсептелет (Третьяков галереясында, 1969). И-дун живопистик чыгармалары Г. Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде, Третьяков галереясында жана КМШ өлкөлөрүнүн музейлеринде сакталууда.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)