Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Исанов Данияр


Жазуучу Данияр Исанов Талас районунун Чат-Базар айылында 1975-жылы 9-майда туулган. 1992-жылы Талас шаарындагы №1 кыргыз орто мектебин, 1996-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетин аяктаган. 1996-1998-жж. Түркиянын Измир шаарындагы «Эгей» университетинин «Түрк дүйнөсү жана адабияты» институтунун аспирантурасында билим алган. 1998-2000-жж. Талас Мамлекеттик Университетинде окутуучу, 2000-2004-жж. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде кызматкер, 2005-жылдан 2012-жылга чейин «НТС» телеканалында «Жаңылыктар» чыгарылышынын диктору болуп эмгектенген. 2013-жылы "Замандаш" журналында шеф-редактор, 2014-2015-жылдарда "Жаңы Агым" гезитинде корреспондент, ал эми 2016-жылдын 1-Майынан тарта "Пирамида" телерадиокомпаниясында "Жаңылыктар" чыгарылышынын диктору болуп эмгектенип келүүдө. 2002-жылы Кыргыз Эл артисти Болот Бейшеналиевдин чыгармачылыгы жана өмүр таржымалы камтылган «Тагдыр жана тасма» аттуу документалдуу очерки жарык көргөн. Д. Исанов - эсселери жана публицистикалык көлөмдүү макалалары менен өзгөчөлөнөт. Окурмандар арасында "Сага!", "Сары чемодан", "Ата Журт", "Изденүү", "Жан" сыяктуу эсселери белгилүү. Ал эми өз кезегинде жаап-жашырылып келген тарыхтын кандуу барактарынан баяндалган "Ажал аралаган алты ай", "Эки дөөнүн эрөөлү", "үрөй учурган үч жыл", "Самурайлар санаты", "Пол Поттун каар заманы", "Тагдыр туткундары", "Заманынан заарканган Мустафа Шокай", "Берлиндеги бейбаштык", "Теңир жалгаган шамал", "Азезилдер ашканасы же отряд 731", "Улуган шамал... Улуу жут", "Эстен кеткис эшелон", "Түн жамынган арбактар" - сыяктуу публицистикалык көлөмдүү макалаларында бир катар чет элдик булактардан алып, аны кыргыз тилинде кенен-кесири таржымалап берген. Айрыкча, Д. Исанов - фашисттик Германияда өз учурунда колго түшкөн туткундардан куралган "Түркстан легиону", "Араб легиончулары" туурасында кыргыз басма сөз беттерине алгачкылардан болуп жарыялагандардын бири. Мындан тышкары Д. Исанов - "Менин атам Саякбай" (манасчы Саякбай Каралаев), "Менин иним кандай эле?" (сүрөтчү жана киноактер, СССРдин Эл артисти Сүймөнкул Чокморов), "Туурунан учкан шумкар же шерлердин ааламына саякат" (Кыргыз Эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиев), "Чалгынчы Бек" (легендарлуу чалгынчы Эркебек Абдулаев), "Өксүк ыры... Отузунчу күз же кайрыгым калбады деген Калмурат", (обончу Калмурат Рыскулов), "Жарк эткен өмүр же 36 жашты кыйган олуя" (киноактер Талгат Нигматулин) сыяктуу макалаларында өзүнүн өлбөс-өчпөс издерин калтырышкан чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсүн таасын ачканга далалат жасаган. Мындан тышкары Акира Куросава, Чарли Чаплин, Тосиро Мифунэ, Морихэй Уэсиба, Хиро Онода, Леонард Пэлтиер, Кришнамурти, Ошо Шри Раджниш, Ип Ман, Брюс Ли, Василий Шукшин, Владимир Высоцкий өңдүү дүйнөлүк улуу инсандардын баскан жолунан баян эткен эмгектери "Шоокум", "Замандаш" журналдарында, "Көк Асаба", "Де факто", "Жаңы Агым" ж. б. мезгилдүү басма сөз беттеринде жарык көргөн. Аттары аталган айрым макалалары 2010-жылы "Закымга айланган замандар" деген ат менен китеп болуп басылып чыккан. 2007-жылы Кыргызпатент тарабынан «Адабият жана искусство» тармагындагы активдүү ишмердүүлүгү үчүн Грамота менен сыйланган. Дебют 3 2007 Эл аралык Айтматов фонду тарабынан «Айтматов жайкы мектебинин» эң жакшы проза номинациясынын лауреаты, 2009-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, 2011-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик Жаштар сыйлыгынын лауреаты.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)