Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Исаев Акыбай

Баш барак | Биографиялар | Исаев Акыбай

(1932-жылы туулган, Ысык-Көл району, Бостери айылы) - географ, география илимдеринин доктору (1989), профессор (1990). КМУну бүтүргөн (1953). 1953-55-жылы Кыргыз ССР Пландоо комитетинде улук экономист. 1955—58-жылы КМУнун география факультетинде окутуучу. 1961—65-жылы Кыргыз ССР ИАда кенже, улук илимий кызматкер. 1965—87-жылы КМУнун география факультетинин деканы, 1987-жылдан география жана туризм кафедрасынын башчысы, ошол эле кафедрада профессор И. 115тен ашык илимий эмгектин (анын ичинде 4 монография, анын экөө авторлош) автору. «Кыргызстандын географиясы» окуу китебинин авторлорунун бири. илимий изилдөөлөрү республикада техникалык өсүмдүктөрдүн өсүшү жана аларды рационалдуу пайдалануу, агрардык өнөр жай комплексинин аймактык жактан уюпггурулушу, табигый ресурстарды рационалдуу пайдалануу жана коргоо жылы б-га арналган.

Кыргыз Республиканын эмг. сйң. мугалими (1985).

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 538, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу