Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Исабаева Валентина

Баш барак | Биографиялар | Исабаева Валентина

Исабаева Валентина(1927-жылы туулган, Тоң району, Төрткүл айылы) - врач-физиолог, Кыргызстан Илимдер Академиясынын корр. мүчөсү (1961), медициналык илимдеринин доктору (1976), профессор (1977). КММИни бүтүргөн (1951). Кыргыз Республиканын илимге эмгек сиңирген ишмери (1977). Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда сектор башчы (1955—57), Кыргыз ССР курортология жана физиотерапия илимий изилдөө институтунун директорунун орун басары (1957—62), КММИнин ректору (1962—71), 1971-жылдан Кыргызстан Илимдер Академиясынын Бийик тоо физиология жана эксперименттик патология институтунун директору. 1983-жылдан ушул эле институтта лаборатория башчысы. 100дөн ашык илимий эмгектин (4 монография) автору. Негизги изилдөөлөрү табигый гипоксия, курортология, айрыкча Ысык-Көлдүн курорттору (Ак-Суу, Кой-Сары, Чолпон-Ата) жана башкалар маселелерге арналган.

И-нын изилдөөлөрү тоодо жана эксперименттик гипоксия шартында жалпы биологиялык мааниси бар адаптациянын физиологиялык негизинин бир катар олуттуу закон ченемин түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк түздү. Түрдүү бийикте жашоочулар менен тоодо аз убакыт болгондордун гемокоагуляция системасынын стандартын иштеп чыгышы клиникалык медицина, нормалдуу физиология жана географиялык патология үчүн баалуу материал. 1959—75-жылы Кыргыз ССР жогорку Кеңешинин депутаты. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 628, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу