Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Исабаев Чалагыз

Баш барак | Биографиялар | Исабаев Чалагыз

(1937, Ысык-Көл району, Темир айылы -1991, ошол эле жер) - комузчу, Кыргыз Республиканын эмгек сиңирген артисти (1973), Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1975). М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынын «Кыяк» классын (1959), Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик Искусство институтун (1972) бүтүргөн. 1957—65-жылы кыргыз мамлекеттик филармониясынын К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин кыякчылар тобунда музыкант-кыякчы, 1965—70-жылы экинчи кыякчылар тобунун жетекчиси (концертмейстери), 1970—87-жылы комузчулар ансамблинин көркөм жетекчиси, 1988—91-жылы «Камбаркан» тобунун уюштуруучусу жана жетекчиси. Ошол эле учурда 1983-жылдан Искусство институтунда иштеп, комуз классын ачкан. Чебер комузчу, таланттуу уюиггуруучу, кыргыз искусствосун кеңири жайылтуучу катары белгилүү болгон.

Кыргыз искусствосу менен адабиятынын Москвада өткөн 2-декадасына (1958), Парижде советтик искусствонун фестивалынын 2 айлык жүрүшүнө (1973) катышкан. 50 чоң күүнү камтыган комузчулар үчүн китеби жарык көргөн (1987). Ал жетектеген комузчулар ансамбли дүйнөңүн көптөгөн өлкөлөрүндө (Япония «ЭССПО-70», АК1И, Франция, Белгия, Щвейцария, Дания, Швеция, Финляндия, Түркия, Тунис, Алжир, Вьетнам, Лаос, Монголия, Люксембург жана башкалар) гастроодо болгон. И. жетектеген комузчулар ансамбли 1978-жылы зоналык конкурстун жана Гаванада өткөн жаштардын Бүткүл дүйнөлүк 11-фестивалынын жана башкалар көптөгөн конкурстардын лауреаты болгон.

Медалдар (Вьетнам, Монголия) менен сыйланган.

Жайгаштыруу: 2016-05-27, Көрүүлөр: 907, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу