Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Иса Ахунбаев

Баш барак | Биографиялар | Иса Ахунбаев
Иса Ахунбаев 1908-жылы Ысык-Кол районуна караштуу Торуайгыр айылында туулган. Хирург, мед. илимдеринин доктору (1948), профессор (1948), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1954) жана биринчи президенти (1954-61). СССР МИАнын корр. мучосу (1948). Ташкенттеги Орто Азия медициналык институтун бутургон. 1935-1937-жылдары Фрунзе шаардык оорукананын хирургия болумунун ординатор-врачы, Кыргыз ССР саламаттыкты сактоо эл комиссарынын орун басары.



1937-ж. репрессияланып 1939-ж. акталган. 1952-1954-ж. СССР Илимдер Академиясынын Кыргыз филиалынын президиумунун торагасынын орун басары жана торагасы болуп эмгектенген. Ахунбаев 1959-жылы Орто Азия жана Казакстанда биринчи болуп журокко операция жасаган. Кыргыз Республикасынын эмгек синирген врачы (1945), Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты.



Илимге эмгек синирген ишмер жана хирургдардын буткул дуйнолук ассоциациясынын мучосу (1957). Кыргыз ССР Жогорку Кенешинин депутаты, Иса Ахунбаев Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы, Элдостугу, 3 «Ардак Белгиси» ордендери ошондой эле медалдар менен сыйланган.
Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 1132, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-23
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу