Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Ис газы

Ис газы (көмүртек кычкылы, СО) түрдүү күйүүчү заттардын толук эмес күйүүсүнөн бөлүнүп чыгат; түссүз, жытсыз, ууктуруучу касиетке ээ. Тиричиликте аны менен уулануу мешти жагуу эрежесин бузуунун кесепетинен (морду эрте бүтөп коюу), ошондой эле гаражда иш учурунда же автомобилдин ичинде түнөгөн учурларда иштеп турган автомобилдин кыймылдаткычынын түтүнүнө (10%ке чейин ис газынан турат) ууланган учурларда кездешет. И. г. кандагы гемоглобин менен реакцияга кирип, карбоксигемоглобинди пайда кылат. Натыйжада организмде кычкылтек жетишсиздиги (Шилтеме: Гипоксия) пайда болуп, ткандардын дем алуусу жана организмдин бардык мүчөлөрү менен системаларынын иши бузулат. Ис газына уулануунун белгилери: баш ооруйт, айланат, кулак чуулдап, көз караңгылайт, кусат, дене калчылдап алсырайт. Өтө ууланууда акыл-эс элдир - селдир болуп, эстен тануу менен аралашкан уйку басат. Карек чоңоюп, дем алуу үстүртөн болуп, карышуу башталат. Врачка чейинки биринчи жардам иретинде оорулууну тез таза абага чыгарып, нашатырь спирти сиңирилген кебезди чебердик менен мурдуна жакындатуу, көкүрөгүнө сүртүү, жылуулап жаап, жылыткыч коюп, ысык чай же кофе берүү керек. Андан кийин тез арада дарылоо мекемелерине жеткирүү зарыл.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)