Иониттер – электролит эритмелери менен ион алмашууга жөндөмдүү топторду кармаган жасалма полимерлер же жаратылыш материалдары. Көпчүлүк И.-эрибей турган катуу аморфтук же кристалл түрүндөгү полиэлектролит. И. ион алмашуучу топтору түрлөрүнө жараша катионит (катиондор алмашуусун камсыз кылат), аниониттер (аниондор алмашуусун камсыз кылат) деп бөлүнөт. Амфотердик мүнөзгө ээ И. белгилүү. Хим. жаратылышына жараша И. орг., орг. эмес жана минералдык – орг., ал эми жаралышына карата – табигый жана синтездик болуп бөлүнөт. Орг. И. эң кеңири таралган, алардын ичинен практикада синтездик И. көбүрөөк колдонулат. Орг. И. активдештирилген көмүр, жыгач, чымкөң, целлюлоза кирет. Орг. эмес И. оксиддик, фосфаттык, цианиддик фрагменттер менен байланышкан элемент атомунан турат. Орг. эмес И.. эң маанилүүсү - кристалдык торчосунда чоң көңдөйү бар алюмосиликаттар. Минералдык – орг. И. минералдык алып жүрүүчүдөгү орг. И. же полимердик байланыштыруучуда майдаланган орг. эмес иониттен турат.
Бөлүмдөр
- Адабият
- АКШнын кыскача тарыхы
- Апендинин жоруктары
- Бадыраң өстүрүү
- Бала гигиенасы жана тамактануусу
- Башкалар
- Биографиялар
- Бул ким, ал эмне
- Ветеринария
- Гороскоп
- Жаңылыктар
- Жомок уламыштар
- Кол өнөрчүлүк
- Кыргыз тамак-аштары
- Кыргызстандын тарыхы
- Медицина
- Пайдалуу кенештер
- Психология
- Ырдайлы кыргыз ырларын
- Өлкөлөр жана шаарлар
Издөө
Жарнама
Соңку пикирлер