Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Инженердик аскерлер

Инженердик аскерлер – аскер бөлүктөрү менен бирикмелерин инженердик жактан камсыз кылуучу атайын аскерлер. Инженердик аскерлер көпчүлүк мамлекеттин куралдуу күчтөрүндө ар кандай жумуштарды, аткаруучу кошуундар, бөлүктөр жана бөлүкчөлөрдөн сапёр-инженердик, чабуулчу, тосмолоочу, жол инженердик, көпүрө куруучу инженердик, куруучу инженердик жана башкалар атайын адис топтордон турат. КРдин Куралдуу Күчтөрүндө сапёр-инженер, тосмолоо инженердик, техникалык инженердик, талаада суу менен жабдуу, минадан тазалоо топтору, жол инженердик, көпүрө куруучу инженердик жана башкалар түрү бар. Инженердик аскерлердин негизги милдеттери: инженердик чалгындоо, чектерди, өңүттөрдү, аймактарды райондорду жана башкаруу пункттарын фортификациялык жабдуу, инженердик тосмолорду орнотуу, талкалоолорду даярдоо жана жүргүзүү, тосмолорго өткөөл жасоо жана кармоо, жерди жана объекттерди минадан тазалоо, аскерлердин кыймыл жана маневр жолдорун даярдоо жана кармоо, суу өткөөлдөрүн жабдуу жана кармоо, талаада суу менен жабдуу жайларын түзүү, аскерлерди талаада электр кубаты менен камсыз кылуу, аскерлерди жана объекттилерди чүмбөттөө жана башкалар КРдин Куралдуу Күчтөрүндө инженердик бөлүм 1992-жылдын 1-январында КРдин Коргоо министрлигинин курамында түзүлгөн. 2005-жылдын сентябрь айынан КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын инженердик башкармалыгы деп аталат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)