Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Интерпедиа

Интерпедиа - деп биринчи жолу Интернет Энциклопедиясын аташкан. Ал жерде ар кимдин макала жазып, интерпедианын бардык барактарынын борбордук каталогуна кошууга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Интерпедиа - Рик Гейтстин (Rick Gates) демилгеси болгон. Ал 1993-жылдын 25-октябрында PACS-L Listserv Коомдук Компьютердик Системалар Форумунда "Интернет Энциклопедиа" аттуу билдирүү калтырган."Интерпедиа" терминин бул теманын мурунку талкууларынын катышуучусу Р. Л. Самуэль ойлоп тапкан. 1993-жылдын ноябрында талкуу электрондук почта аркылуу жүргөн, кийинчерээк Usenet-те comp. infosystems. interpedia жаңылыктар тобу ачылган. Барактар кандай форматта болушу керек тууралуу да келиспештиктер болду - HTML, plain text же бардык форматтарга уруксат берилиши. Талкуунун башка бөлүгү - интерпедиа үчүн жазылбаган интернеттен сырткаркы ресурстар каталогго кошуу менен анын бөлүгү болуп калабы деген суроо болгон. Андан тышкары, бир нече көз каранды эмес "Seal-of-approval" (SOAP) агентстволор да эске алынган. Алар Интерпедиа макалаларды өздөрү каалаган критерияларынын негизинде баалайт, колдонуучулар кайсы агентствонун кеңешине кулак салышын таңдай алышчу. Бул долбоор активдүү талкууда жарым жылдай жүрдү, бирок пландоо баскычынан чыкпай жок болду, мүмкүн анын себеби Дүйнөлүк Желенин жигердүү өсүшү болду.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)