Интернет деген эмне

"Интернет деген эмне", анын тарыхы кандай, өнүгүү баскычтары ошондой эле башка интернет жөнүндө маалымат ушул макалада болмокчу. 1969-жылдын 29-октябрында саат 21.00дө (аябай так жазат экенбизби?) аталган тармактагы биринчи түйүн ичинде, бири-биринен 640 чакырм аралыктагы - Лос Анджелес шаарындагы Калифорния университети менен Стэндфорд изилдөө институтунда биринчи байланыш сеансы жүргүзүлгөн. Оператор Чарли Клайн Стэндфорддогу компьютерге аралыктан кошулууга аракет жасап, ийгиликтүү символдордун жөнөтүлүшүн анын кесиптеши Билл Дювалль телефон аркылуу тастыктап жатты. Башында "LOG" деген үч гана символ ийгиликтүү жөнөтүлүп, андан соң байланыш үзүлүп калат. LOG символдору LOGON деген сөздү түзүш керек эле (системага кирүү командасы болчу). Системаны иштеген абалга кечки саат 11.30дө гана келтиришип, экинчи аракет ийгиликтүү өтөт. Дал ушул датаны интернеттин жаралуу датасы деп эсептелинет.

Эсиңерде болсо бул макалада интернет түшүнүгү жөнүндө жазып жатабыз, жана интернеттин тарыхы, өнүгүү кадамдары кыскача эле жалпы маалымат бердик, кенен маалымат өзүнчө макалада болот.

Интернет - бул компьютердик тармактарынын бткл дүйнөлүк система. Бул тармак системасы менен жерибиздин эң алыскы аймактары менен байланыш түзсө болот. Internet сөзү болсо international - эл аралык деп чечилип, net болсо тармак дегенди түшүндүрөт.

Лондон шаарына барып, Big ben саатын көргүңөр келсе, АКШга, Нью-йоркко барып, каалаган чон имраттарга чыккынар келсе же Гавайи аралынын кооз аймактарын кыдырып, Арктиканын же Япониянын аба ырайын билгиңер келеби? Ушунун бардыгына ошондой эле дагы башка коп нерселерге дүйнөлүк Интернет тармагына кошулган жеке компьютер, планшет, уюлдук телефон аркылуу эле жетүүгө болот. Мына интернет деген ушундай кызмат кылат.

Интернет өзүнө бүткүл жер шарындагы көптөгөн локалдык (аймактык), корпорациялык (тармактык), аймактык компьютер тармагы кошот.

Интернет колдонуучуларына тартуулаган учурдагы кызмат World Wide Web (www) маалымат системасы, бул система аркылуу интернетте иштөө мүмкүнчүлүгү түзүлөт. World Wide Web - сөзмө-сөз которсок бүткүл дүйнөлүк желе болот.

WWW эмне жана аны нанга сыйпап жейби деген суроолорго так аныктама берүү өтө кыйын бирок бул ошол эле Интернеттеги иштөөнү мүмкүн кылуучу система. Бул системанын барактары Интернет тармагы менен кошулган компьютер-серверге таратылган эң чоң энциклопедияга окшоштуруп салыштырса болот. Керектүү маалыматты алуу үчүн колдонуучу энциклопедиянын тийиштүү барагын ачыш керек. Демек, ушул окшоштукту эстен чыгарбай, WWWнын түзүүчүлөрү Web-барак түшүнүгүн киргизген.

Веб-барак — бул WWW системасындагы жалпы маалымат бирдиги. Ал Web-серверде жазылган өзүнчө документти камтыйт. Беттин өзүнүн аты болот (энциклопедиянын бетинин номуру сыяктуу), ошол аталыш боюнча ага кайрылууга мүмкүн.

Web-барактагы маалымат ар түрдүү болушу мүмкүн: текст, сүрөт, үн, видео, программа. Web-баракка жарнаманы, маалымдама кабарды, илимий макалаларды, акыркы жаңылыктарды, көркөм чыгармаларды, сүрөт каталогдорун, аба-ырайын ж. б. толуп жаткан маалымат жайгаштырса болот. Мындайча айтканда Web-барагында бүт баары бар. Сиз окуп жаткан бул барак дагы Веб-баракча.

Бир Web-сервер көптөгөн беттерди камтыйт (WWW деп аталган көп томдуу энциклопедиянын бир тому деп койсо да болот). Мунун баары интернетке кандай тиешеси бар деп жатсаңыз керек? Ушундай толгон-токой веб-барачалардын жыйындысы дагы Интернеттин өзүн түзөт. Ар бир серверде башкы барак (home page) деп аталган негизги бет бар. Бул серверде сакталган документтерди көрүүгө мүмкүн болгон баштапкы барак болот. Адатта сервердеги үйдүн бети мазмунду, бөлүмдөрдүн аталыштарын камтыйт. Керектүү бөлүмгө кайрылыш үчүн экрандагы анын атына чычкандын көрсөткүчүн алып барып, анын баскычын басуу керек.

Бирок китепти барактагансып Web-барактарынын баарын эле ача бербеш керек. WWW системасынын эң негизги касиети Web-барактардын ортосунда гипертексттик байланыштын уюштурулушу болуп эсептелет. Бул байланыштар бир сервердин ичиндеги барактардын ортосунда гана эмес, WWW системасынын түрдүү серверлеринин ортосунда да аракеттенет.

"Интернет деген эмне" суроосуна кошул-ташыл гипертекст деген эмне экенин билип алуу ашыктык кылбайт, анткени бул интернетке түздөр-түз байланышы бар нерсе.

Гипертекст — бул тексттик маалыматты уюштуруу жолу, анын ичинде ар түрдүү фрагменттердин ортосундагы ойдук маанилик байланыш - гипербайланыш орнотулат. Адатта, гипербайланыш башталган негизги сөздөр Web-барактарда башка түстө же асты сызылып бөлүп белгиленет. Атактуу "ссылка" деген ушул, кыргызчасы шилтеме. Бул шилтемени чычкан аркылуу басып туруп, башка документти/баракчаны көргөнгө өтсөңөр болот. Бул документ башка серверде, башка өлкөдө, башка континентте болушу да мүмкүн. Көп учурда интернеттин колдонуучусу өзү сүйлөшүп жаткан сервердин кайда жайгашканын билбейт. Образдуу айтканда, Интернетте бир сеанс иштеген учурда жер шарын бир нече жолу айланып чыкса болот. Байланыш үчүн ачкычтын ролун текст эле эмес, сүрөт, үн документинин көрсөткүчү да ойной алат. Мындай убакта гипертекст термининин ордуна гипер-медиа термини колдонулат.

Бир эле Web-бетине ар кандай жолдор менен кирүүгө болот. Бирок Веб-барактарды барактап, көптөгөн сайттан, сайтка секирип, интернет тармагында саякаттоо үчүн Веб-браузер программасы талап кылынат, бирок бул башка сөз, бул жөнүндө өзүнчө макалаларыбызда айтып берели.

Китептеги беттер белгилүү бир ырааттуулукка ээ, ал эми Web-беттеринде мындай ырааттуулук жок. Бир беттен экинчи бетке өтүү жөргөмүш желесин элестеткен жана ал тармакты түзгөн гипербайланыштар аркылуу жүрөт. Системанын атынын келип чыгышы да ушундан.

Айтылгандарды жалпылап, төмөнкүдөй аныктама берүүгө болот: World Wide Web - бул Интернет дүйнөлүк тармагынын техникалык базасындагы бүт дүйнөгө таркалган гипербайланыштуу маалымат системасы.

Колдонуучуга желенин тору боюнча жылыш үчүн айткандай эле Web браузер деп аталган атайын программалык камсыздоо жардам берет, англис тилинен которгондо browse — карап чыгуу, үйрөнүү дегенди билдирет. Браузердин жардамы менен керектүү маалыматты ар түрдүү жолдор аркылуу тапса болот. Web-беттин дареги силерге белгилүү болсо, ал эң кыска жол болуп саналат. Клавиатурада ушул даректи терип, киргизүү клавишасын басып, керектүү жерге кирип барасыңар.

Башка жол - издөө жүргүзүү. Силер аракетти гипербайланыш боюнча башкы барактан (home page) баштасаңар болот. Мында башка жакка кетип, желеде адашып кетүү, туюкка камалуу коркунучу бар. Бирок браузер каалаганча кадам артка кайрылып, башка маршрут менен издөөнү улантууга мүмкүнчүлүк берет.

Интернетти колдонуучу тармакта иштөө убагында чектелген ресурстуу маалымат мейкиндигине кирет. Акыркы мезгилде кибермейкиндик деген термин таралып кетти, аны телекоммуникациялардын дүйнөлүк системасынын жана андагы айланып жүргөн маалыматтардын бардык жыйындысы деп түшүнсө болот.

Интернет тармактар системасы өтө бат өнүгүп жатат. Азыркы учурда эле анын бүт ресурстарын карап чыгууга мүмкүн эмес. "Интернет деген эмне" аттуу макалабыз ушундай болду, жана бул макалада интернет эмнени түшүндүрөөрү жана анын аныктамасы жөнүндө гана жаздык. Башка темаларын өзүнчө макалаларда жазабыз. Кошумча маалымат алгыңыз келсе сайтыбыздин издөө формасына жазып издеңиз.

Интернет тармактар системасы өтө бат өнүгүп жатат. Азыркы учурда эле анын бүт ресурстарын карап чыгууга мүмкүн эмес. "Интернет деген эмне" аттуу макалабыз ушундай болду, жана бул макалада интернет эмнени түшүндүрөөрү жана анын аныктамасы жөнүндө гана жаздык. Башка темаларын өзүнчө макалаларда жазабыз.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)