Интернет

Дүйнөлүк желе жыл сайын өзүнүн кучагына миллиондогон жаңы колдонуучуларды тартат. Орто статистикалык Кыргызстандын жараны интернети жок жашоону элестете албайт. Бирок бардык эле колдонуучулар "Интернет эмне?" деген суроого так жооп бере албайт, анткени Интернет ар бирибиздин жашообузда өзүбүздүн гана түшүнүгүбүзгө ээ.

Кичине тарыхтан:

Интернет деген эмне? Интенет - бул өз ара желе (сеть) аркылуу байланышкан компьютерлер топтому, маалымат ресуртарынын жардамы аркылуу глобалдык маалымат берүү системасы.

Бул системанын иштеп чыгуу иштери 1957-жылы куралдаштыруу фонунда жаралган. Мындай желени иштеп чыгуу АКШнын коргоо министринин, СССРдин кол салуусунан коркунучта болуп, бул чечим кабыл алынган. Жыйынтыкта бири-бири менен байланышкан жана бири-бирине маалымат алмашууга жөндөмдүү болгон компьютердик желе пайда болгон.

Бардыгы бир бөлмөдө жайгашкан компьютердик желеден башталган, андан соң бул желе имаратка, шаарга жана мамлекеттке тараган... 15 жыл ичинде бул компьютердик желе дүйнөнүн илимпоздорун бириктирип, эл аралык мастабка чейин өсөт. Интернеттин бүткүл дүйнөлүк желе катары жаралышы 1973-жылы болот - илимпоздордун желесине трансатлантикалык телефон чубалгысынын жардамы аркылуу англис жана норвегиялык уюмдар кошулат.

Ал кезден бери 40 жылдай өттү, компьютердик желе бул убакыт ичинде көптөгөн өзгөрүүлөргө дуушар болуп - учурда Интернет дүйнөнүн көпчүлүк катмарына жеткиликтүү.

Дүйнөлүк желе:

Интернет деген деги эмне? Көпчүлүк адамдар Интернет деген сөздү - бул Дүйнөлүк (Глобалдык) желе деген түшүндүрмөсүн колдонот. Чындыгында бул WWW символдорунун гана чечилмеси (түшүндүрмөсү) WWW - World Wide Web (Бүткүл Дүйнөлүк Желе).

WWW-баракчалар (веб-баракчалар) гипертексттүү документтер деп аталат. Бир тема менен байланышкан, бирдей дизайнга ээ болгон жана бир серверде жайганкан "Веб-баракчалар" веб-сайт деп аталат. Веб-баракчаларды атайын программанын жардамы аркылуу көрүүгө болот, бул программа Браузер деп аталат.

Учурда сапаттуу Кыргыз Веб-сайттары абдан аз, бирок ошого карабастан, Кыргызстандын сайттары да кичиненден өнүгүп келе жатат, мисалы айта кетсек: жалаң кыргыз сайттарын гана камтыган "Кыргыз сайттарынын рейтинги".

Ылдам байланышка жана маалыматтарды ыкчам ылдамдыкта берүү мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу, Интернеттеги маалыматтарды алуу оңой жана жөнөкөй. Жаңы веб-сайттар колдонуучуларды өзүнө тартып, жаандан кийинки козу карындай пайда болууда. Бүгүнкү күндө Интернет колдонуучуларды чексиз маалыматтары чогулган, кызыктуу бир дүйнөгө айланган.

Бүгүнкү интернет:

"Интернет" деген сөздү айтуу менен, биздин көпчүлүгүбүз мунун техникалык жагын ойлобой, тескерисинче эмне кызыктуу нерсени алып келет деген ойдо болобуз. Адам акылында Интернет бүгүнкү күндө эмнени түшүндүрөт?

Адамдардын көпчүлүк убактысын Интернет желесинде өткөрүү мотивин анализдеп, бир нече жыйынтык чыгарса болот, демек, Интернет бул - биз үчүн:

- Баарлашуу. Кимдир бирөөлөр социалдык желелерди жакшы көрүп, санаалаштарын, классташтарын же жөн эле кызыктуу адамдарды издеп сааттар бою отура берет. Кимдир бирөөлөр ар түрдүү форумдарда, Агентте же Skype баарлашууну жактырат. Кээ бирөөлөр таанышуу сервистеринде озунун сүйүүсүн издейт. Жана эң башкысы - Интернет адамдар ортосундагы баарлашууга, жер шарынын кайсы гана бурчунда болбосун, эң жөнөкөй мүмкүндүк берет.

- Көңүл ачуу. Музыка угуу, фильмдерди көрүү, оюндарды ойноо, китеп окуу, тесттерден өтүү мунун баарын эми он-лайндан чыкпай туруп эле өтсө болот, анткени мындай мультимедиалар интернетте толгон токой!

- Билим алуу. Чынында, интернет, маалыматтын эң мыкты булагы. Көпчүлүк адамдар Интернетти өзүнүн бул же тигил жааттагы билимин толуктоо максатында колдонот: пайдалуу материалдарды окуу, дистанттык он-лайн курстарга жана тренингтерге жазылуу, видеосабактарды көрүү.

- Чыгармачылык. Өзүн өзү өнүктүрүү, жеке өнүгүү. Интернет чыгармачылыкка шыктандырат! Кол өнөрчүлүк же кулинариялык блогторго кирүү менен, даро эле өзүнөрдүн колунардан жаралган бир нерсе жасоо каалоосу пайда болот. Көп адамдар дал ушул Интернетке ыраазычылыгын айтуу менен, өзүнүн кызыгууларын тапкан.

- Сатып алуулар. Атайын интернет акчалар үйдөн чыкпай туруп эле, он-лайн сатып алууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк түзөт. ошондой эле акчаларды алмашып, акция алмашып, жана башка көптөгөн акча операцияларын жүргүзүүгө болот.

- Акча табуу. Дүйнөлүк желе акча табуу жаатында да чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт. Бул жаатта жеке Интернет дүкөн ачып, сайт же блог жүргүзүп, уникалдуу информациялык продукт түзүү менен иштесе болот. Жаңыдан баштап иштегендер фрисансингтен баштаса болот; сайттарды маалымат менен толтуруп, программалоо жана веб-дизайн менен эмгектенүү, сүрөттөрдү сатуу, слогандарды ойлоп табуу.

Интернет деген эмне экенин, анын көп тармактуулугуна карабастан, өз талаптарына жараша максималдуу түрдө айтылган мүмкүнчүлүктөрдү колдоно билген гана адам түшүнө билет.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)