Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Интернационалдык стиль

Интернационалдык стиль (англисче international style) – 1920-ж. авангарддык архитектуранын жалпы формалдык белгилери (төрт бурчтук сымал көлөмдөр, жалпак жабылыштар, композиция тең салмактуулугу, үстүнкү беттердин жылмалыгы, жана башка ачык түстөр). «И. с.» термини 1932-ж. америкалык авторлор Х. Р. Хичкок жана Ф. Джонсон тарабынан киргизилген. Талкуу жүргөн мезгилде аны эстетикалык жактан нейтралдык термин, авангарддык архитектуранын түптамырынан бери реформатордук маңызын ачып көрсөтө албайт деп ага бир нече жолу каршы чыгышкан. Бул терминди архитектуралык формалардын бир түрдөгү жадатма, маанисиз, стерилдүү тили катары пайдаланып жүргөндөрү да аз эмес.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)