Инсульт

Инсульт (апоплексия, мээге доо кетүү) — мээдеги кан айлануунун катуу бузулушу; анда мээ ткандары жана анын функциясы жабыркайт. И. мээге кан куюлуп кетүүдөн же мээдеги кан тамырлардын бүтөлүп калышынан (тромбоз) болот. И-тун негизги себеби — гипертония оорусу жана мээ кан тамырларынын атеросклерозу. И. мээге кан куюлтуучу геморрагиялык жана мээ тканынын жумшаруусу — мээ инфаркты менен коштолгон ишемиянын (аз кандуулук) таасиринен болгон ишемиялык болуп бөлүнөт. Көп ооруларда И. капысынан башталганы менен ооруну алдын ала билдирүүчү белгилер байкалат. Мисалы, гипертония оорусунда жана атеросклероздо баш оор тартып, зыңылдап ооруйт, анатомиялык. Геморрагиялык И. көбүнчө күндүз кармайт. Оорулуу капысынан эс-учун жоготуп жыгылат, адатта бир жак колу-буту шал болот, сүйлөө бузулат; адеп дем алуу кыйындап, карышат, кусат. Ишемиялык И. сутканын бардык мезгилинде кармай берет, кээде акырындап башталат: адегенде колу, анан бир жак бети шал болот, андан кийин сүйлөй албай калат.

И-ту неврологиялык ооруканада дарылоо жакшы натыйжа берет. Үй шартында оорулууну дарылоо жана багуу, ошондой эле күчүркөнүүдөн сактоо өтө кыйын. Оорулуу ооруканадан чыгып келгенден кийин жакшылап багуу талап кылынат (Шилтеме: Оорулууну багуу).

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)