Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Инстинкт

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Инстинкт

Инстинкт деген эмне? Дээрлик соолуп калган өзөндүн тайыз суусунда чоң, күчтүү лосось балыгы агымга каршы жанталашып өйдө карай сүзөт. Анын капталы ташка тилинип жараланууда. Сууга араң көмүлгөн бакалоорлору диртилдейт. Бирок балыкты артка, чалкыган океанга кайра бура турган күч жок. Анткени ал өзү ушул жерде жаралган, анын тукуму да ушул жерден дүйнөгө келиши керек. Муну инстинкт, башкача айтканда, жаныбардын түпкү тегинен бери мурасталып келаткан негизги жүрүм-туруму талап кылат. Кыштан чыгуу үчүн ылайыктуу үңкүр издеп, ага жалбырак төшөөгө аюуну да ушул инстинкт мажбурлайт.

Бал аарысы башка аарылардын уюк салганын эч качан көрбөсө деле өзүнө уюк салып алат. Жээкти мекендеген чабалекей уясын инстинкт боюнча ийиндерге, чопо жарларга, ал эми айыл-кыштактагы чабалекей болсо - курулмалардын чатырларынын астына салат. Жашоо-тиричиликтин өзү күн сайын жаныбарларга ар кандай кыйын учурларда аман калуу үчүн эмне кылуу керек деген маселени коёт. Эгер жаныбарлар көп кылымдар бою бирдей эле маселелерге дуушар боло берсе, аларды чечүү милдетинен кутулушат. Аларда жүрүм-турумду башкаруучу белгилүү бир инстинкт иштелип чыгат.

Албетте, бул өтө ыңгайлуу. Бирок тигил же бул жаныбардын жашоо шарттары өзгөрүп турат. Жаңы шарттарда инстинкт пайда эмес зыян кылышы мүмкүн. Мисалы, америкалык бизондордо үйүрдө жашоо инстинкти өнүккөн. Үйүрдө жашаганда аюу, карышкырлардан биргелешип оңой коргонууга болот. Бирок мылтыкчан аңчыга жолукканда бул инстинкт - артыкчылык эмес кемчилик боло баштаган: үйүрдө жаныбарды атып алууга оңой. Ооба, инстинкт сокур. Өзүңөр көргөндөй ал кээде тирүү жандарды өлүмгө дуушар кылышы ыктымал, бирок ансыз жаныбарлардын бүтүңдөй бир түрлөрү жок болуп кетмек.

Инстинкттер жаныбарлардын ар кыл түрлөрү үчүн зарыл жана пайдалуу. Инстинкт жаныбарлардын жүрүм-турумунун бөлүнгүс тубаса касиети болсо, ал адамдарда акыл-эс менен башкарылат. Инстинкт боюнча кошумча макалабыз шилтемеде. Инстинкт жонундо маалымат ушундай достор

Жайгаштыруу: 2018-03-30, Көрүүлөр: 1473, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-03-30
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу