Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Инквизиция

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Инквизиция

Инквизиция жонундо маалымат ушул макалабызга кыскача жана так жазууга аракет кылдык. Инквизиция бул - католик чиркөөсүнүн жашыруун соту инквизиция деп аталган. Ал 13-кылымдан 19-кылымдын башталышына чейин Батыш Европанын көпчүлүк мамлекеттеринде болгон. Чиркөө ошол кезде өкүм сүргөн феодалдык түзүлүштү, ири жер ээлеринин бийлигин колдогон, чыңдаган. Рим папасы башында турган чиркөө кызматчылары кеңири жер аянттарын ээлешкен. Көп сандаган дыйкандарды карамагында кармашып, ырайымсыз эзишкен. Шаар-кыштактарда жашагандар чиркөөгө оор салыктарды төлөшкөн. Эл арасында нааразылык күчөй баштайт.

Нааразы болгондорду куугунтукка алуу, кудайга сокур ишенимди камсыз кылуу, элди кыңк этпестен баш ийдирип, үрөйлөрүн учуруу жана түркөйлүктө кармоо үчүн инквизиция түзүлгөн. Инквизициянын тыңчылары бардык жерде шимшип жүрүшкөн. Эгер кимдир бирөө чиркөө үйрөткөндөн башкача ойлоого же сүйлөөгө батынса, кимдир бирөө акимдер менен динчилерге каршы сүйлөсө же дүйнө, адамзат кантип жаралганын түшүнүүгө аракет кылса, инквизиторлор мындай ар жүрөктү кармап алып зынданга салышкан, дин бузар, кудайга күнөөкөр кылмышкер деп жарыялашкан. Кайраты жок, чабал адамдар кыйноого чыдай алышпай жок күнөөнү мойнуна алышкан, бир кыйла кайраттуулары көз карашынан кайтпай көгөрүшкөн. Бирок инквизициянын тырмагына илингендердин бардыгын катаал жаза күтүп турган. Сот-инквизиторлор дин бузарларды эреже катары өлүмгө, өмүр бою камоого же айдап жиберүүгө өкүм кылышкан. Католик дининин эрежеси боюнча адамдын канын төгүүгө болбойт. Ошондуктан инквизиторлор адатта өз курмандыктарын отко тирүүлөй өрттөөгө өкүм кылышкан. Инквизиция деген эмне экенин билүү үчүн ылдый карай окуй бериңиз.

Кан төкпөй өлтүрүү жазанын ырайымдуу түрү деп эсептелген. Инквизиторлор көп учурда эч күнөөсүз адамдарды өлтүрүшкөн. Зынданга салуу үчүн кайсы бир шүмшүктүн чагымы эле жетиштүү болгон. Соттолгон адамдын үй мүлкүнүн бир бөлүгү чагымчыга берилген, калган бөлүгү чиркөөнүн пайдасына алынган. Мындай бекер дүйнө инквизиторлорду ого бетер жээликтирген.

Инквизиция илимпоздорду өзгөчө ырайымсыздык менен куугунтуктаган. Инквизиторлор улуу астроном жана философ Жордано Брунону өрттөшкөн. Кыйноого салабыз деп коркутуп Галилейди Коперниктин окуусунан баш тартууга жана жерди ааламдын борбору деп таанууга аргасыз кылышкан. Илимпоздор менен кошо алардын китептери да өрттөлгөн. Инквизиция феодалдык түзүлүш кулагандан кийин гана жоюлган. Инквизиция кыргызча жазып дайындаган Барктабасова Н. Инквизиция жөнүндө кошумча маалымат

Жайгаштыруу: 2018-03-29, Көрүүлөр: 1270, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-03-29
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу