Бул жерде Сиздин жарнама болушу мүмкүн! 0(707)48-14-46 whatsapp

Инкубациялык (жашыруун) мезгил

Инкубациялык (жашыруун) мезгил — организмге жугуштуу оорунун козгогучу киргенден баштап, дарттын алгачкы белгиси билингенге чейинки мезгил. Ар түрдүү оорунун И. (ж.) м-инин узактыгы ар башка (бир нече сааттан бир нече айга, жылга созулат). Ошондой эле анын мөөнөтү микробдун санына, күчүнө, организмдин каршылык көрсөтүүсүнө, инфекциянын кирүү жолуна байланыштуу өзгөрөт. Мисалы, дизентерияда 1 — 7, көк жөтөлдө 2—15, ич келтеде 3 — 21 күнгө, гриппте бир нече сааттан 3 күнгө чейин болот. Кээ бир жугуштуу оорулар (кызылча, кептөөр жана башка) бул мезгилде айлана-чөйрөгө козгогучтарды бөлүп чыгарып, коркунучтуу. Айрым жугуштуу оорулардын козгогучу И. (ж.) м-дин аягында бөлүнүп чыгат.

Ар бир оорунун И. (ж.) мененин өзгөчөлүгүн билүү чоң мааниге ээ. Анын узактыгына жараша оорулуу менен бирге болгон кишини бөлүү жана карантиндин мөөнөтү аныкталат, эпидемияга каршы башка чаралар жүргүзүлөт (Шилтеме: Карантин). инстинкт — организмдин тышкы же ички дүүлүктүрүүлөргө жооп катары пайда болгон тубаса татаал реакциялары (жүрүм-турум акттарынын жыйындысы). И. П. Павловдун ою боюнча И. татаал шартсыз рефлекс (тамактануу, коргонуу, жыныстык жана башка), ал жөнөкөй шартсыз рефлекстерден (чүчкүрүү, жөтөлүү) айырмаланып турат. Й-тин төмөнкүдөй негизги түрлөрү бар: тамактануу (тамак издеп табуу, алуу, топтоо), коргонуу (качуу, жашынуу, тиш, тырмак, мүйүз менен коргонуу), жыныстык (бийлөө, сайроо, ургаачы үчүн салгылашуу, жыныстык катнашуу жана башка), ата-энелик (тукум жөнүндө камкордук көрүп, уя салуу жана башка) топтошуу (биргелешип душмандан коргонуу, миграция, бир-бирин суук мезгилде жылытуу, тукум жөнүндө жалпы камкордук көрүү). Табигый тандалуунун натыйжасында акырындык менен тышкы чөйрөдөн келүүчү сигналдардын ичинен маанилүүсүн тандап алып, ага тийиштүү жооп кайтаруу жөндөмдүүлүгү күчтүү жаныбарлар бөлүнгөн. Эволюциянын жүрүшүндө түргө зыяндуу касиеттерди алып жүрүүчү жаныбарлар өлүп, пайдалуусу акырындык менен түрдүн мүнөздүү белгиси болуп калыптанган. И-түү жүрүм-турумдар жырткычтарда даана байкалат. И-түү жүрүштуруш өзүнөн өзү болбойт. Ал үчүн тиешелүү биологиялык талап (керектөө) пайда болуу керек.

Мисалы, жаныбарлар ачка болгондо чөйрөнү активдүү изилдеп, сезүү органдарынын жардамы менен өз талабын канааттандырууга аракеттенет, башкача айтканда азыгын издөөгө кирет (даярдануу фазасы). Азык көрүнгөндө же добушу чыкканда жырткыч И-түү кыймылдарды (аңдуу, кээде өлтүргөн азыгын башка жерге сүйрөп баруу жана башка) ырааттуу ишке ашырат. Тышкы чөйрөнүн шарты дайыма туруктуу болгондо И. реакцияларынын пайдасы тиет, эгерде шарт кескин өзгөрүлсө, ал пайдасыз. Мисалы, кирпи чечендин коргонуу И - и (жыйрылып тоголок болуп калышы) автомобиль тебелегенде эч пайдасыз. Организмдин тиричилигинде борбордук нерв системасынын өөрчүү деңгээли жана И. аракети тыгыз байланышта. Кишинин түйүлдүк мезгилинде нерв системасынын өзүнчө структуралары эртерээк өөрчүп, жаңы төрөлгөн баланын организми жашоонун өзгөчө шартына көнүүгө (адаптацияга) даяр болот. Төрөлгөндөн тартып ар кайсы убакта башкы И-тер калыптанып, анын негизннде организмге маанилүу И-тер (жыныстык, эне сезими жана башка) өөрчүйт. И-түү аракеттин иш жүзүнө ашуусунда эндокрин системасынын бездери чоң роль ойнойт. Кишиде И. акыл-эске жана социалдык адеп нормаларына баш иет. Кишини үйрөтүүнүн кайсы түрү болбосун И-ке негизделип, алар акырындык менен экинчи орунга өтөт да, негизги ролду социалдык факторлор ойнойт.

Ошондуктан кишиде И. аракетин керектүү жолго салуу жөндөмдүүлүгүн тарбиялоо абдан маанилүү. Айрым психикалык оорулар И-тин бузулушуна байланыштуу болгондуктан, медицинада И-ти изилдөөнүн мааниси өтө чоң.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)