Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Информатика деген эмне

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Информатика деген эмне

"Информатика деген эмне" - бул термин эмнени түшүндүрөт, анын кандай өзгөчөлүктөрү бар, ушул сыяктуу суроолор көп, анда бул маселе боюнча билип алалы. Азыркы учурда адамдар өз ишмердигинде улам ири көлөмдөгү маалыматты колдонууда. Аларга маалымат менен иштөөдө аны сактоонун, таратуунун, издөөнүн, кайра иштетүүнүн ыңгайлуу жана пайдалуу формаларына байланышкан көп сандаган суроолорду чечүүгө туура келет. Андан тышкары, маалыматтын структурасын аныктоого байланышкан маселелер дагы келип чыгат.

Ошондой эле маалыматтын жалпы касиеттерин изилдеп үйрөнүү зарыл. Ушулардын бардыгын информатика деп аталган жаңы илим изилдейт. Информатика маалыматтын структурасын жана жалпы касиеттерин, ошондой эле маалыматты издөөгө, иштетүүгө, берүүгө жана адам ишмердигинин ар түрдүү чөйрөлөрүндө колдонууга байланышкан маселелерди окуп-үйрөтөт. Информатиканын жалпы изилдөө предмети маалымат аркылуу бириккен көптөгөн дисциплиналардын жыйындысы. Аларга маалымат теориясы, кибернетика, программалоо, математикалык лингвистика, алгоритмдер теориясы, социалдык информатика ж. б. кирет. Информатика негизги маселелерди үч топко бөлүп изилдейт:

1.техникалык топ маалымат чогултуунун, берүүнүн, иштетүүнүн, сактоонун жана чыгаруунун ишенимдүү методдорун жана каражаттарын үйрөнүүгө байланышкан техникалык маселелер;

2.семантикалык топ маалыматтын маанисин сыпаттап жазуу ыкмаларын аныктоочу, аны баяндап жазуучу тилдерди изилдөөгө байланышкан маселелер;

3.прагматикалык топ маалыматты кодго айландыруунун методдорун, сыпаттоону үйрөтүүгө байланышкан маселелер.

[ushka=seredina] Информатика бул жандуу жана жансыз жаратылыштагы, коомдогу жана техникадагы маалымат процесстерин окуп-үйрөтүүчү илим. Өткөн кылымдагы өндүрүштүк революция ар кандай станоктор менен механизмдердин пайда болушуна алып келген. Алар адам эмгегин жеңилдетип, адамдын физикалык мүмкүнчүлүктөрүн арттырды. Азыр силердин көз алдыңарда маалыматтык революция жүрүп, анын негизинде адамдардын интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөрү абдан тез өнүгүп-өсүүдө.

Макалабыздын аты "информатика деген эмне" деп аталганына дагы бир жүйөлүү жооп катары айта кетсек, өнүккөн мамлекеттерде XXI кылымдын башында эле жумушчу күчүнүн жарымынан көбү информатика индустриясына тартылып, маалымат жыйноо, иштетүү жана башкаруу иштери менен алек болуп калышты. Мунун баары жаңы илим информатиканын өнүгүшүнүн эң маанилүүлүгүн тастыктап турат. XX кылымдын эң зор жетишкендиктеринин бири электрондук эсептөөчү машиналардын (ЭЭМ) жаралышы информатиканын өнүгүшүнө чоң өбөлгө болду. Электрондук эсептөөчү машина маалымат менен иштөөчү универсалдуу техникалык каражат. Азыркы учурда аны компьютер деп аташат, англис тилинен которгондо эсептеп чыгаруу - дегенди билдирет.

Азыркы информатиканы компьютердик информатика деп атаса да болот. Мында ЭЭМ маалымат менен иштөөчү аспап катары да, окупүйрөнүү жана өркүндөтүү объекти катары да кызмат кылат. Эң алгачкы ЭЭМдер илимий жана өндүрүштүк маселелерди чечүүдө гана колдонулган. Аларда атайын адистер гана иштей алышкан. Персоналдык компьютерлердин пайда болушу менен бул техника көпчүлүккө жеткиликтүү болуп калды. Компьютердик билимди массалык түрдө жайылтуу зарылдыгы келип чыкты.

Башында компьютердик билим деп ЭЭМде программалоо ЭЭМди башкаруу үчүн программа жазуунун ыкмаларын билүү эсептелген. Компьютерди колдонуш үчүн программалоону билүү зарыл эле. Ал эми азыр компьютер менен иштеген адамдардын көбү өздөрү программа түзүшпөйт. Аларды компьютерди колдонуучулар деп аташат. Колдонуучулар компьютерде даяр программалар менен иштешет. Маалыматтар менен иштөөдө кагаздар, калемдер, калькуляторлор, чийүүчү куралдар, жазуучу машинкалар, колдонмолор, сөздүктөр пайдаланылган эски ыкмалардан айырмаланып, компьютердик ыкмаларды жаңы маалыматтык технологиясы деп атоо кабыл алынган. Эми сиз "информатика деген эмне" дегенде жакшынакай илимий жооп берүүгө даярсыз десек ашык болбос. Көрүшкөнчө достор.

Жайгаштыруу: 2017-11-04, Көрүүлөр: 61118, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-09-06
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо