Инфаркт

Инфаркт — органдын же ткандын артериялык кан жетпей калган бөлүгүнүн некрозго (өлүмтүккө) чалдыгуусу. Тромбоз, эмболия же ошол тканды азыктандыруучу артериянын тарышы, шишик басып калышы И-тын түздөн түз себеби болуп эсептелет; И-та ткандардын өзгөрүүсүнө гипоксиянын да таасири чоң. И-тын ишемиялык, геморрагиялык жана башка түрлөрү бар. Ишемиялык И - та некроз болгон жерге кан жетпей калса, геморрагиялык И-та ал жерге ашыкча кан толот. Ишемиялык И. жүрөк, бөйрөк, көк боордо, ал эми геморрагиялык И. өпкө, ичегиде кармайт. И. кургак (миокарддын И-ы) же нымдуу (мээнин И-ы) болушу мүмкүн. И-та органдар абдан өзгөрүп: өлүк масса чогулуп киста (мисалы, мээде) же тырык (мисалы, жүрөк булчуңунда) пайда болот. И-ты алдын алууда ага себеп болуучу ооңулардан сактануу керек.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)