Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Инфантилизм

Инфантилизм — организмдин өсүшүнүн кечеңдеши; чоң кишинин дене түзүлүшүндө жана психикасында балдарга мүнөздүү белгилердин сакталышы. И - ге жугуштуу оорулар, уулануу, мээ, жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары, ички секреция бездеринин жабыркашы, ошондой эле сапатсыз тамактануу, гигиеналык жаман шарттар жана башка себеп болот. И. жалпы (бүт организмдин жалпы өспөй калышы) жана толук эмес (айрым органдын, системанын жетилбей калышы) болуп бөлүнөт. Жалпы И-де дене түзүлүшү балдардыкына окшош назик, мажес, сөөктөрү ичке, жүрөгү кичине, кан басымы төмөн болуп, экинчилик жыныс белгилери начар өөрчүйт. Толук эмес И-ге психикалык жана жыныс И-и кирет. Психикалык И-де мүнөзү туруксуз болуп, бат ишенчээк, таарынчаак, ой жүгүртүүсү тайкы, капарсыз, бала кыял, өзүмчүл келет. Жыныстык И-ге аялдарда эмчеги, жатыны өөрчүп жетилбей, жамбашы кууш болот, айызы такай келбей, көбүнчө төрөбөйт же боюнан көп түшөт, жатындан тышкары бойго бүтөт.

Жыныстык И. аялдарга караганда эркектерде азыраак жолугат. И-ди алдын алуу үчүн гигиеналык жакшы шарт түзүү, сапаттуу тамактануу, физкультура менен машыгуу, балдарды ден соолукту чыңоочу пионер лагерлерине, санаторийлерге жиберүү, ошондой эле И-ге түрткү болуучу ооруларды убагында дарылоо керек. Дарылоо И-ди пайда кылуучу себептерге жараша жургүзүлөт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)