Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Индианаполис

Индианаполис — АКШнын чыгышындагы шаар. Индиана штатынын административдик борбору. Штаттын борбордук бөлүгүндө, Уайт-Ривер дарыясынын (Огайо дарыясынын алабы) боюнда жайгашкан. Калкы 770,6 миң (2007, шаар айланасы менен 1,7 млн). Ири жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. 1821-ж. негизделген 1847-жылдан шаар статусуна ээ. Машина куруу (авиация, автомобиль кыймылдаткычы, подшипник, станок, байланыш каражаты, контролдоп ченөөчү аспаптар, ар кандай өнөр жай жабдуулары), түстүү металлургия, химиялык-фармацевтика, тамак-аш жана башкалар өнөр жай ишканалары иштейт. Университеттер, ИИИлер, китепканалар, музейлер, театрлар бар. Жыл сайын жаз музыка (1999), эл аралык кинофильм жана кинематография фестивалдары өткөрүлөт. Зоопарк уюштурулган.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)