Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Инди

Инди — этноним. "Манас" эпосунда Индустанды таянган, Кесектин уулу Шоорук кан тууралуу баяндалган, жана башкалар айрым эпизоддордо кезиккен эл: "Жедигер менен инди бар, Шанкай менен кыргыз бар" (Курама варианты, 1, 149), Бул саптарга караганда И. кыргыз уруулары менен катар айтылууда. Демек, И. этнониминин "Манаста" эскертилиши бекер эмес. Эпостун саптарына орто кылымдарда кыргыз менен И. элдеринин кандайдыр бир бучкактарынын кирип калышы ыктымал. Мисалы, 17-кылымда Индия аскерлеринин мизин кайтарган, балх жоокерлерине жардам бергендердин арасында кыргыздар да болгону тарыхта белгилүү. Бул туралуу "Бахр альасрар" аттуу 17-кылымда жазылган фарси тилиндеги кол жазма баяндайт.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)