Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Импульс разряды

Импульс разряды - өтө кыска убакытта (секунддун үлүшү) газда өз алдынча пайда болуучу туруксуз электр разряды. Импульс разрядынын эки түрү бар: 1) жасалма жол менен түзүлгөн турактуу токтун импульсунан алынган разряд. Мындай импульс разряды плазманын негизги параметринин релаксация убагына караганда аз убакытта берилген кыска импульста пайда болот. Кайталануучу импульс разрядынын мүнөзүнө разряд аралыгындагы чөйрөнүн калдыктуу иондошуусу таасир этет. Импульс разряды оңой жана дайыма күйүшү үчүн разряд аралыгындагы чөйрөнүн алгачкы иондошуусу же күйгүзүү потенциалынан чоң электр талаасы колдонулат. 2) энергия булагынын сыйымдуулугу чектелген учурда пайда болгон разряд. Бул учурда импульс разряды мезгили менен өчүүчү ток формасын алат. Бул учкун разряды деп аталат. Импульс разряды атайын жарык булагын алууда, газ электроникасында, техникада колдонулат.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)