Иммунитет деген эмне

"Иммунитет деген эмне" - иммунитет же иммундук система - бул организмге тышкы чөйрөдөн кирген заттардан коргоп жана картайган клеткаларды жок кылууну көзөмөлдөп турган система. Иммунитеттин маанилүүлүгүн баалоо өтө оор, анткени ал адам организминдеги биримдикти сактоодо жападан жалгыз ролду ойнойт. Биз күн сайын, мүнөт сайын организдин ичиндеги жана тышкы чөйрөдөн кирген (бактериялар, вирустар, сүлүктөр) ар кандай микроорганизмдердин чабуулдарына чалдыгып турабыз. Андан тышкары адам организмине ири көлөмдөгү башка заттар дагы кирет (техногендик кирдеткичтер, боёктор, консерванттар, полютанттар, оор металл туздары).

Иммунитет ден-соолуктун чеби
Иммунитет жана анын абалы өзгөчө көңүл бурууга, колдоого жана профилактикага, зарыл болгондо жакшы даарылоого муктаж. Анткени иммунитет башка системаларга таптакыр окшошпогон, өзгөчө ролду ойнойт - ден-соолукту сактоо жана коргоо. Иммунитеттин бекемдиги жетишээрлик болгону менен, анын функциясынын бузулуусу пайда болгондо, даарылоону жана диагностиканы кечеңдетпөө зарыл, антпесе, натыйжа жаман болуп калышы мүмкүн.

Эмнеге иммунитет адам организми үчүн маанилүү?
Организмде күн сайын пайда болгон шишиктерди, дефектиси бар же мутацияланган клеткаларды иммунитет жок кылып турат. Өнөкөт күч келүү болгондо, организм алсыраганда же башка себептерден иммунитет начарлайт дагы, патологиялык өзгөргөн клеткаларды өткөрүп жиберет, натыйжада шишик өрчүп кетет.

Ар кандай инфекциялык агенттерден коргоо (вирус, бактрия, сүлүктөр, жөнөкөйлөр, грибоктор). Иммунитеттин жардамы менен организмдин кайсы бир чөйрөдө адаптациясы же тышкы чөйрө менен таанышуусу (иммундук клетка, бардык бөтөн заттарды кармап, аны эритүү менен өзүн-өзү тууралоо борборуна маалыматты сактап жана жөнөтүп турат).

Ички чөйрөнүн туруктуулугун сактоо.
Бул максатта иммунитет нерв жана эндокриндик система менен тыгыз байланышта иштейт (нейро-иммундук-эндокрин системасы). Биргелешип алар организди көзөмөлдөйт, башкарат жана коргойт. Булардын ар биринин жакшы иштөөсү дени сак иммунитетке маанилүү.

Организмдин өздүк/жеке клеткаларга мындайча айтканда толеранттуулукту сактоо (бөтөн жана өздүк деп таанып билүү). Иммунитеттин нормалдуу эмес же өз учурунда иштебегендиктен организмдеги өздүк клеткаларга кол салуу коркунучу бар (аутоиммундук процесс өнүгөт). Өз учурунда даарылабаганда организмдин өздүк клеткалары өнөкөт оорунун, вирустардын, бактериялардын таасири алдында өзгөрөт дагы, иммундук система өздүк клеткаларды коркунучтуу бөтөн клетка деп кабыл алып, аларга каршы коргоочу молекулаларды (антителолорду) бөлүп чыгарат дагы, аларды жабыркатат.

Адамдын иммундук системасы кандай
Иммундук система - бул иммундук система органдарынан жана иммунокомпетенттик клеткалардан (иммундук клеткалар) турган татаал механизм.

Иммундук системанын органдары
1.Борбордук:

  • тимус (иммундук клеткалардын - Т-лимфоциттер программаланып жана бышып жетилүүчү орган)
  • кызыл жүлүн мээ (мында иммундук клеткалар калыптануучу стволдук клеткалар жайгашкан)
2.Перифериялык:
  • көк боор (бөтөн бөлүктөрдүн фагоцитозу, лимфоиддик клеткалардын бышып жетилүүсү)
  • лимфа түйүндөр (мурун-таңдай, моюн, колтук, ала жана башкалар, бул жерде бөтөн организмдер жана заттар менен күрөшүүгө даяр, бышып жетилген Т жана В иммундук клеткалар бар)
  • лимфоиддик ткандар, бронх жана өпкөдө бойлой жайгашкан.
  • ичеги менен байланышкан лимфоиддик ткандар.
  • тери менен байланышкан лимфоиддик ткандар.

"Иммунитет деген эмне" темабызды улай, бардык лимфоиддик ткандарда бөтөн заттын бардыгы менен күрөшө турган, бышып жетилген иммундук клеткалар бар. Ошентип, иммунитет организмдин бардык системалары жана органдары менен тыгыз байланышта, жана кенедей өзгөрүү алардын ар биринин ишине таасирин тийгизет. Иммундук клеткалар түздөн-түз коргоо жана көзөмөлдөө функциясын аткарат, жана организмдеги алардын саны ири көлөмдө. Иммунитет клеткалары ар кандай топторго, класстарга бөлүнөт, анын ар бири конкреттүү өзүнө гана тиешелүү функцияны аткарат, ошонун бардыгы чогулуп биргелешкен бир чоң системаны түзөт.

Тубаса иммунитет (врождённый иммунитет)
Тубаса же спецификалык эмес иммунитет - бул энеден балага өтүүчү генетикалык иммунитет. Энеден балага берилген иммундук дефекттер иммундук көз каранды ооруларынын өөрчүшү менен байланыштуу (аллергиялар, иммундук жетишсиздик, шишиктер ж.б.).

Кабыл алынган иммунитет (приобретённый иммунитет)
Кабыл алынган иммунитет жашоонун аягына чейин калыптана берет дагы, айлана чөйрөнүн антиген байланыштарындагы жеке тажрыйбанын чагылуусу. Кабыл алынган иммунитет энеден балага берилбейт.

Гуморалдык иммунитет
Гуморалдык иммунитетке клеткалык эмес (молекулярдык) түзүмгө ээ жана адам организминин ар кандай биологиялык суюктуктарында болгон факторлор кирет (ткан суюктугу, кан сары суусунда/сывороткасында, шилекей, көз жаш, сийдик ж.б.).

Тубаса гуморалдык иммунитет төмөнкүдөй факторлорду камтыйт:

  • биобарьер (тери, былжыр чел ж.б.)
  • комплемент
  • пропердин
  • лизоцим
  • цитокиндер (интерферондор, интерклейкиндер, шишик некрозунун фактору)

Кабыл алынган гуморалдык иммунитет өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Чучук (костный мозг)
  • В-лимфоциттер
  • Плазматикалык клеткалар
  • Антителолор (IgM, IgG)

Клеткалык иммунитет
Клеткалык иммунитетке иммунитеттин бардык клеткалык компоненттери кирет.

Тубаса клеткалык иммунитет төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Мононуклеардык фагоциттер
  • Киллерлер (табигый киллерлер, АЗК, ЛАК)
  • Гранулоциттер (нейтрофилдер, базофилдер, эозинофилдер)

Кабыл алынган клеткалык иммунитет төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • тимус
  • Т-лимфоциттер (Т-эффекторлор, Т-хелперлер/жардамчылар)
  • Цитокиндер

Жергиликтүү иммунитет
Жергиликтүү иммунитет патогендүү таасирлерден терини жана былжыр челдерди коргоону шарттайт. Жергиликтүү иммунитеттин негизги факторлору - бул секретордук антителолор (IgA таандык) жана фагоциттер.

Системалык иммунитет
Системалык иммунитет - бул организмдин ички чөйрөсүндөгү клеткалардын жана гуморалдык факторлордун комплекси, негизинен кандын сывороткасында. Иммунологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө системдик иммунитеттин факторлору бааланат, бирок былжыр челдин жана теринин өнөкөт инфекцияларынын, балдардын жана чоң кишилердин суук тийип сыркоолоп калышынын себеби жергиликтүү коргоо мехнанизмдеринин алсыздыгы болот. Ошол эле убакта жергиликтүү инфекциялар күчөп турса да, системалык иммунитет көрсөткүчтөр иммунограммада норманы көрсөтөт. Ошондуктан чоң кишинин жана өзгөчө баланын иммунитетин сапаттуу баалоодо иммунограмма гана жүргүзбөстөн, жергиликтүү иммунитеттин абалын текшерүү да керек (мурундан, тамактан мазок).

Иммунитет диагностикасы
Эгер кандайдыр бир себептерден ката кетип жана иммундук клеткалардын саны жана сапаты бузулса, анын ичинде иммунитет көрсөткүчтөрүнүн башка мүнөздөмөлөрү (фагоцитардык функциянын бузулушу, айланып жүрүүчү иммундук комплекстердин деңгээли жогоруласа, иммундук клеткалардын функционалдык активдүүлүгү бузулса), анда иммундук система инфекция менен күрөшө албайт же башка көйгөйгө каршылык көрсөтө албайт. Ошого байланыштуу себебин издөөдө иммунограмма жана башка зарыл изилдөөлөрдү жүргүзүү керек, бирок Кыргызстанда андай жок да, бардыгы болбосо да, көпчүлүк врачтар айлык акы үчүн гана иштейт эмеспи.

Айтып коюуу керек, иммунограмманын көрсөткүчтөрүн гана эмес, башка изилдөөлөрдү дагы норма же нормадан чыгуу деп учурдагы организмдин абалы жана өзгөчө анализ берип жаткан учурда тыгыз байланышта интерпретациялап алуу керек. Интерпретацияны бир гана иммунолог дарыгер жасашы керек. Иммундук системанын толук жана туура маалыматы менен көйгөйдү туура чечүүгө жана себебин табууга болот. Иммунитетти жөн гана мындайча айтканда топчулап коюуу эффект бербейт, анткени, кылдат жана иммунитетте эмне болуп жатканын так билип таасир берүү жалпы организмге оң таасирин берет.

"Иммунитет деген эмне" аталган макалабыз ушундай достор, кошумча/алымчаңар болсо жазып койгула.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)