Сайттан маалымат издөө үчүн "издөө" формасына издеген сөздү жазып издеңиз. Мисалы: "Айтматов" - деп жазып. *** Эгер маалымат аз болсо, дагы издөө жүргүзүңүз, көбүрөөк маалыматты камтыган макалалар бар. *** Издөө жүргүзүп жатканда бир нече фраза жазбай, бир эле сөз жазсаңыз тезирээк табасыз. мисалы: "Шарипов" - деп.

Иммиграция

Иммиграция - (лат. immigro көчүп кпрем) башка өлкөнүн жараны туруктуу же убактылуу (адатта, «узакка») жашоо үчүн башка бпр өлкөгө көчүп келиши. Иммиграция негизинен саясий, экономикалык, диний ж. б. мүнөздөгү себептерден пайда болуп, легалдуу жана легалдуу эмес иммиграция болуп бөлүнөт. 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында легалдуу иммиграция басымдуулук кылса, учурда легалдуу эмес иммиграция кескин өстү. Алардын көпчүлүгү эмгек иммигранттары. Иммигранттардын дагы бир өзгөчө тобун качкындар түзөт. Демократиялык мамлекеттер өз аймагына белгилүү шарттарга ылайык башка өлкөлөрдүн жарандарынын (иммигранттардын) көчүп келип, туруктуу же убактылуу жашап калуусуна же иммигранттарды өлкөдөн көчүрүп айдап жиберүүгө тыюу салуу укуктарына ээ. Дүйнөнүн иммигранттар баруучу көпчүлүк өлкөлөрүндө атайын иммиграциялык квоталар орнотулган. Ушул квоталардын чегинде чет өлкөлүк жарандардын ар жылдык келип туруусу жөнгө салынып турат. Иммиграциянын тарыхы калктын эл өтө жыш жайгашкан аймактан сейрек отурукташкан чөлкөмдөргө оошкону жөнүндө мол материал берет. Иммиграция АКШ, Канада, Австралия, Жаңы Зеландия, ТАР, Израиль, Аргентина ж. б. өлкөлөргө иммигранттардын көп келип жайгашышы менен ошол аймактын экономикалык өнүгүүсүндө чечүүчү ролду ойногон.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)