Иманкулов Жүкүн

Иманкулов Жүкүн - (8. 3. 1930-ж. туулган, Чүй облусу, Кемин району, Кичи-Кемин айылы) искусство таануучу, режиссёр, искусство доктору (1993). Ташкент театр-көркөм өнөр институтунун театр изилдөө факультетин (1955), Москвадагы Искусство тарыхы институтунун аспирантурасын (1958) бүткөн. «СССР эл артисти Муратбек Рыскуловдун чыгармачылыгы» деген темада кандидаттык, Ленинград театр, музыка жана кинематография институтунда «Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы жана сахна» деген темада докторлук диссертациясын коргогон. Республикалык эл чыгармачылыгы үйүнүн директору (1955), Кыргыз ССР ИАнын философия институтунун тарых жана укук бөлүмүндө илимий кызматкер (1956-58), Ысык-Көл драма театрынын (1962), Нарын музыкалык-драма театрынын (1963) башкы режиссёру, Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда улук окутуучу, кафедра башчысы (1965-71), Б. Бейшеналиева атындагы КМИИде доцент (1971-91), БГУда профессор (1997-98) болгон. Иманкулов кыргыз театры үчүн В. Шекспирдин «Ричард 3», М. Ауэзовдун «Кара көз», «Абай», «Энлик-Кебек», «Түнкү жаңырык», «Байбиче-Токол» ж. б. чыгармаларды которгон. Иманкулов 150дөн ашуун илимий-теориялык макалалардын, рецензиялардын автору. Эмгектери: Наш Муратбек. Ф., 1970, Искусство театра: произведения Чингиза Айтматова на сценах театров республик Средней Азии и Казахстана. Ф., 1985, Ч. Айтматов и театр. Б., 2003.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)